"Эркин-Тоо"

Сапар Аманкуловго элдин ишеними чоң

Соңку бир жылдан бери “Ихсан”, “Аманат” баштаган бир катар кооперативдерге он миңдеген жарандарыбыз алданып, “уйдан жок же уй байлаган жиптен жок” куру жалак калышканы баарыбызга маалым. Каржы пирамиданын өкүлдөрү карапайым калкыбызды ар кандай “сыйкырлары” менен арбап, капчыгындагы болгон каражаттарын шыпырып кетишкенин кайда катат элек? Ичпей-жебей чогулткан каражатынан айрылышкан он миңдеген мекендештерибиздин алды инсульт алып, чала жан абалга келип жатышканы баарыбызга маалым. Учурда бул чуулгандуу иштер менен күч органдары тараптан ИИМдин тергөө кызматы алпурушууда. Азырынча каржы пирамидасынын айрым “карышкырлары” камакта. “Аманат” кооперативинин Нурлан Исабаев баштаган “көзүрлөрү” камакка алынбай, акчасын салган мекендештерибизди алдап жүргөнү кандай? Учурда каржы пирамидаларына алданышкан миңдеген тургундарыбыз (өзгөчө жаштар) ишти иликтеп жаткан ИИМ алдындагы тергөө кызматынын башчысынын орун басары Сапар Аманкуловго чоң үмүт артып жатышканы кабарланды. Полковник Аманкулов мындан ары да ишти жеке көзөмөлүнө алып, адилеттүү тергөө амалдарын жүргүзүү менен миңдеген жарандарыбыздын ажаатын ачса, көпчүлүктүн алкышына арзып, иши жүрүшүп, келечекте генералдыкты багындырат беле?