Кыргызстандын экс-премьер-министри Сапар Исаковго К.Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан белекке берилген кымбат баалуу брондолгон унаа кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти
Маалыматк ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны Р.М.Т. кармалды.
“Р.М.Т. К.Асанбектин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды. Тактап айтканда, 2020-жылдын октябрь айында М.Рамонов 2015-жылы чыгарылган “Мерседес-Бенц S600” брондолгон унаасын КР экс-премьер-министри Сапар Исаков абактан чыккандан кийин ага өткөрүп берген. Андан кийин 2020-жылдын 5-октябрында Сапар Исаков айрым саясатчылар менен бирге бул унааны борбордук “Ала-Тоо” аянтында массалык баш аламандык уюштуруу аракетинде колдонгон” деп айтылат маалыматта.

