Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өттү.Бул тууралуу Юстиция министрлигинин сайтында айтылды. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси 30-декабрда кайра каттоодон өтүп анын негиздөөчүлөрүнүн катарына “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому жана Түркиянын “Маариф” фонду кошулганын өкмөттүн өкүлдөрү ырасташты.
“Сапаттын” өкүлдөрү бул тууралуу кабары жок экенин, маалыматты Юстиция министрлигинин сайтынан көрүшкөнүн жана мындан ары кандай иштей турганы белгисиз экенин айтышты.