"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

САПАТТУУ СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТТАРГА МУКТАЖ

Кыргызстанда 221 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт. Анын ичинен 37 миңден көбү балдар болуп эсептелет. Жакында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Коом баары үчүн» форумун өткөрдү. Форумга жарандык коомдун өкүлдөрү, адистер катышышты. Мында майыптыгы бар жарандар туш болгон көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгы айтылды. Инклюзия жана теңчиликке бекем туруу майыптыгы бар адамдардын маселелеринде оң натыйжа берээри баса белгиленди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев: “Инклюзивдик билим берүүнү  өнүктүрүү керек”

— Коомдун социалдык жетилгендиги жана жарандык жоопкерчиликтин деңгээли, биринчи кезекте, өзгөчө муктаждыгы бар адамдарга болгон мамиледен көрүнөт. Бул күн алардын укуктарын коргоо, коомдук, саясий, экономикалык жана маданий жашоого катышуусун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын эскертип турат. Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө КРнын Мыйзамынын кабыл алынышы, ошондой эле Эмгек кодексинин жаңыланышы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, мамлекеттик кепилдиктерди кеңейтип, өзгөчө муктаждыгы бар жарандарыбыздын жашоо жана эмгек шарттарын жакшыртууда. Майып адамдар бүт дүйнөдө кайраттуулук, туруктуулук жана максатка умтулуу менен үлгү көрсөтүп, инклюзивдүү жана адилеттүү коом курууга шыктандырат.

Улан Сейдаманов, Бишкек шаарынын тургуну: “Бизге жылуу мамиле абдан күч берет”

— Мен 17 жылдан бери коляскада отурам. Мамлекеттен жөлөк пул алам. Аны менен катар өз үйүмдө соода-сатык кылган курулуш материалдарын саткан дүкөндү иштетем. Андан тышкары такси кызматында иш алып барам. “Майыптыгы бар адамдарга эң биринчи жылуу мамиле маанилүү. Жылуу сөз, кубаттаган, алдыга багыт берген кеңештер бизди бактылуу кылып, шыгыбызга шык кошот. Мындан тышкары социалдык кызматтарды алуу жолдору азыркыдан да жакшы болушун каалайм. Соода борборлору, көп кабаттуу үйлөрдө, коомдук транспорттордо коюлган пандустар өз эрежеси менен салынса дейт элем. Майып адамдар пандустардын туура эмес коюлганынан көп кыйналышат. Бул башкалар үчүн майда нерсе, бизге окшогондорго абдан маанилүү.

 Гүлзина Субанбекова, “Жаркын келечек Талас” бирикмесинин жетекчиси: “Аймактардагы майыптыгы бар адамдарга шарттар түзүлсө дейбиз”

— Балдарга жардам, багыт берүүчү биздин мекеменин ачылганына 5 жылга жакындап баратат. Бул аралыкта Таласта майыптыгы бар чоң, кичине балдар, алардын ата-энелери менен бирге, облустук бийлик, Талас мэриясынын колдоосу, ЖИА Таластын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен бир катар иштерди жүргүзүп келебиз. Биз ачылганда 4 бала болчу, азыр 35ке жетти. Балдар менен ар түрдүү окуу-семинарлар уюштурулат. Негизинен биз балдардын шык талантын ачууга басым жасайбыз. Балдар менен бирге кол өнөрчүлүк, узчулук иштерди аткарабыз. Алардын жасаган буюмдарын жарманкелерде сатыкка чыгарабыз. Биздин көйгөй — жайгаша турган имаратыбыз жок. Ушул жагынан бизге кыйыныраак. Балдар менен ватсап группада тыгыз байланыштабыз. Балдарга укуктук, психологиялык жардамдар байма-бай көрсөтүлүп турат. Балдар өз алдынча кайрылуу жазышып, тиешелүү мекемелерден жолдомо, коляска, керектүү жардамды алууну үйрөнүштү. Майыптыгы бар адамдарга камкордук, шарттар дагы да күчөтүлүшүн каалайм.

Колдоо маанилүү

Майып адамдарга мамлекет жөлөк пулдарды берүүдөн тышкары, билим алуу, социалдык сапаттуу кызмат алуу, кесиптик даярдоо, жана эмгек рыногунда жумуш табуу жолдорун кеңейтүү жагы абдан маанилүү десек жаңылбайбыз. Жогоруда форумдун негизги милдеттерине майыптыгы бар адамдардын укуктарын ишке ашыруудагы прогрессти жана көйгөйлөрдү талдоо, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү, майыптыгы бар аялдар менен кыздардын коопсуздугун камсыздоо жана укуктарын коргоо кирди. Форумда ошондой эле майыптыгы бар ишкерлердин продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, алардын жергиликтүү экономикага кошкон салымы жана жеке ишкердиктин маанилүүлүгү баса белгиленди. Алдыда бул багыттагы иштерге мамлекеттин көңүл буруусу кеңейсе, ден соолугунан жапа чеккен адамдардын келечегине ишенимдери бекемделет. Акыркы жылдары өлкөдө инклюзивдик билим берүү мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүгө бар аракетин көрүүдө. Бул багыттагы иштерди Агартуу министрлиги колго алууда. Мамлекеттик, коомдук уюмдардын колдоосу менен көптөгөн мектептерде өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн ресурстук борборлор иштеп жатат. Анда психолог, логопед, дефектолог, тренерлер жана башка тиешелүү адистер балдардын коомго аралашуусуна, билим алуусуна бар аракеттерин көрүүдө.

Мээрим Бактыбек кызы