Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов калкты сапаттуу жана зарыл дары-дармектер менен камсыздоо маселелери боюнча жумушчу топ менен жыйын өткөрдү. Мында өлкөгө жашоо үчүн маанилүүдары-дармектерди үзгүлтүксүз жеткирүүмаселелери каралды. Өмүр үчүн маанилүүдары-дармектердин тизмесине кирген препараттарды каттоодо бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу, каттоо мөөнөттөрүн кыскартуу жана кезектерди азайтуу зарылдыгы белгиленди.
Саламаттык сактоо министри эки айдын ичинде республика аймагындагы дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүжана саламаттык сактоо системасынын муктаждыктары тууралуу актуалдуу маалыматты камтыган бирдиктүүэлектрондук базаны ишке киргизүүнүтапшырды. 2026-жылдын башталышы менен дары-дармек менен камсыздоо тармагында комплекстүүчечимдерди кабыл алуу боюнча «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы, жеке фармацевтикалык сектордун өкүлдөрүменен жумушчу жолугушууларды өткөрүүчечими кабыл алынды.
Мээрим Бактыбек кызы

