Мен Мундузбектин ыр жазаарын мурда эле билчүмүн. Ал экөөбүз 1974-жылы азыркы Улуттук университеттин журналистика бөлүмүнө чогуу өткөн элек. Мен окууга армиядан келип тапшыргам. Мундузбек болсо мектепти бүтөөр замат студенттикке кандидат болуп өткөн эле. Ортобузда 3-4 жаш айырма болгону менен биз курсташ да, группалаш да, ошол эле учурда жашташ да болуп кеттик. Биринчи курста курсташтарыбыздын ичинен эң жашыбыз Мундузбектин университеттин филология факультетинин “Жаш толкундар” аттуу санжыргалуу дубал гезитине байма-бай жарыяланып турган ошол убактагы жеткилең ырлары мени таң калтырбай койгон эмес. Ошондо келечекте Мундузбектен чоң акын чыгат го деп ойлогом. Бирок биздин далалатыбыз келечекте акын эмес, журналист болуу эле да. Ошондон болсо керек Мундузбек журналисттик билимин өркүндөтүүгө айрыкча көңүл буруп, тырмак алды макалалары республикалык гезиттерде жарык көрө баштаган. Окууну аяктагандан кийин шыр эле республикадагы эң окумдуу “Ленинчил жаш” жаштар газетасына ишке орношту. Менин баамымда ушул гезит Мундузбек Тентимишевдин мыкты журналист катары такшалып, тарбияланып чыгышына зор роль ойногон. Андан кийинки жылдарда ал “Эркин-Тоо”, “Кыргыз Туусу”, “Ден соолук” газеталарында үзүрлүү эмгектенген. Кыргыз Республикасынын “Алтын калем” сыйлыгы менен сыйланган. Ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган. Мундузбек Тентимишев кайсы бир жылдарда комсомолдук жана партиялык кызматтарда да иштеген. Бирок, ал чыгармачылыктан бир мүнөт да кол үзгөн эмес.
Анын чыгармачылык потенциалы эч жерде иштебей эркин чыгармачылыкка өткөн учурдан тартып айрыкча ачылганын белгилей кетсек болот. Себеби, ал 47 адабий-публицистикалык китептеринин көпчүлүгүн дал ушул өз алдынча иштеп жүргөн учурда жазып чыгарганга жетишкен. Албетте 47 китептин санын айтканга жеңил болгону менен анын артында канчалык чыгармачылык түйшүк, изденүү, тыным албаган эмгек жатканын элестетүү кыйын. Болгондо да Күлүйпа Кондучалова, Насирдин Исанов, Жумгал- бек Аманбаев, Мукун Асеинов сыяктуу кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеев, Социалисттик Эмгектин баатыры Мирсаид Миррахимов, академик Дүйшө Кудаяров, академик Какиш Рыскулова, медицина илимдеринин доктору Рахат Оморов сыяктуу кыргыздын даанышман дарыгерлери тууралуу китептерди жазуунун өзү не деген жоопкерчилик. Бирок Мундузбек Тентимишев жүктүн канчалык оор экенине карабастан жогоруда аты аталган даңазалуу инсандарыбыздын жандуу эстелигин тарыхка калтыруу үчүн бел байлаган жана ал инсандарыбыздын өмүр жолун, ишмердигин, кыргыз эли үчүн жасаган опол тоодой эмгегин көркөм адабий тилде чагылдырган татыктуу эмгектерди жаратууга жетишкен. Чынында Мундузбек Тентимишев мындай эмгектерди жаратуу менен кыргыз эли туу туткан Мамбет Мамакеев, Мирсаид Миррахимов сыяктуу улуу инсандарыбыздын батасын алып, алкоосуна ээ болгон. Бир чети бул Мундузбектин талантына, жазган китептерине берилген улуу адамдардын баасы. Мындан сырткары ал 50дөн ашуун китептердин түзүүчүсү жана редактору болду.
Чынын айтканда курсташым Мундузбектин биринин артынан бири чыгып жаткан китептеринин баары менен таанышууга үлгүрө алган жокмун. Бирок ал мага бир жолу өзү түзүүчүсү болгон Алыкул Осмоновдун тандалмаларынын эки томдугун алып келип берди. Бул томдуктар мага алтын белектей эле сезилди. Алыкул Осмоновдун ырларын, поэмаларын кайрадан ырахаттанып окуп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, кыргыз элинин бешенесине жазылган чолпон жылдыздай таланттуу акыныбыздын тандалмалары менин столумдун үстүндө жылдап жатты.
Дагы бир жолу Мундузбек мага кыргыз элине таанымал инсан О.Нарбеков менен биргеликте жазган “Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?” деген китебин алып келип берди. Мен бул китепти кызыгып баш көтөрбөй окуп чыктым да, бул эмгекте Ч.Айтматовдун улуулугу чагылдырылганына ынанып, “эгерде ким залкар жазуучубуз тууралуу көбүрөөк маалымат алып, тааныгысы келсе ушул китепти окушу керек” деген ойго келдим. Андан көп узабай “Дасмия” ресторанында бул китептин бет ачаары болуп, анын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө О. Нарбеков бул эмгектин жазылышында Мундузбек Тентимишевдин эмгеги зор экендигине кеңири токтолгон.
Жакында Мундузбек мага дагы бир жаңыдан жарык көргөн “Черновиктей биздин өмүр” аталышындагы китебин таштап кетти. Китептин ырлар жыйнагы экенин көргөнүмдө Мундузбектин 1-курста дубал гезитке жазган ырлары эсиме түшүп, анын ырларынан ажырабай келгени мага жаңылыктай сезилди. Себеби мен Мундузбекти ыр жазбай калды го деп ойлоп жүргөм. Китебинин чакан баш сөзүндө “менин ырларымды аралатып окуңуздар” дегендей таклиби (сунушу) бар экен. Менин деле акындардын ырлар жыйнактарын баштан аяк эмес, ар кайсы жеринен кертип окуган адатым бар болчу. Ошол адатыма салып, Мундузбектин ырларын адегенде тандамыш болуп окуп баштагам. Бир нече ырды окугандан кийин андан кийинки ырлары өзүнө тартып, окууга ашыктырып туруп алды. Ошентип отуруп жыйнакка кирген ырлардын бирин калтырбай окуп чыкканымды байкабай калдым. Ачыгын айтыш керек, жыйнактагы айрым ырлардын маани-маңызын, айта турган оюнун тереңдигин сезиш үчүн бир нече жолу кайталап окууга туура келди. Албетте ал ырларды сонун жазылыптыр деп бир сөз менен айтып койгон жеңил деңизчи. Бирок ошол ырларды окуп жатып, “алар тууралуу ой айтканга, чечмелеп жазганга чамаң жетеби?” — деген суроо туулбай койбойт экен. Ошентсе да “окудук, оюбузду айтабыз” дегендей Мундузбектин ырларына колдон келишинче учкай саресеп салып кетүүнү эп көрдүм.
Жыйнакка кирген ырлардын кайсынысы чабал, кайсынысы мыкты экенин айтуу да кыйын. Анткени андагы ырлардын ар биринин өзүнчө салмагы, көтөргөн жүгү бар. Китепке тээ өткөн кылымдын 80-жылдарынан тартып, быйылкы жылга чейинки жазылган ырлары кирген экен. Мына ошол ырлардын арасынан мурдагы жазган ырлары солгунураак деп айтканга ооз барбайт. Мисалы, 1985-жылы жазылган “Сиз жазасыз, Назым Хикмет…” деген ыры өөп-жыттап окуй турган классикалык үлгүдөгү ыр экен. Бирок, бул ырга менин берген жогорку баам жыйнакка кирген башка ырлардын бирөөнө да көлөкө түшүрө албайт. Андагы көп ырларда Алыкул менен Жолондун элеси тургансыйт. Ал ырларды окуп отуруп ойго батасың, толгоносуң, жан дүйнөң тоюнуп, азыктангандай болосуң, нукура поэзия гана жан дүйнө азыгы боло аларына ынанасың. Жыйнакка кирген ырлардын баарында тең кайра-кайра электен өткөн таптаза майин ун сыяктанган аруу, чынчыл, нуска ой катылган.
Анын жыйнакка кирген “Жоомарт жаткан больница”, “Карпинская, 57”, “Ленинчил жаштын” имараты” деген поэтикалык дараметин өзү аркылуу көрсөтө алган ырларында Мундузбек турмуш жолунда өзү байкаган кайсы бир көрүнүштү поэзияга айлантуунун чебери экендигин көрсөткөн. Сөзүм куру болбос үчүн бул ырлардын ичинен “Ленинчил жаштын” имараты” деген ырынан үзүндү келтирейин:
Бул жерде сегиз жылдык өмүр калган,
Келгемин студент – жыйырма бирде.
Экинчи кабат маа үйүм болчу,
Сезилчү сыйкырлуу бир бейиш дүйнө.
Куттуу уям, жүрөгүмдө көтөргөнүм,
Өзгөрбөс келбетиңе таң каламын.
Күзгүдөй жалтыратып айнектериң,
Сүрсөм деп ысып турат алаканым.
Бул ырда акын арадан канча жылдар өтсө да келбети өзгөрбөгөн “Ленинчил жаш” газетасынын имаратын карап туруп, сегиз жылдык жемиштүү өмүрүн жогорудагыдай ыр саптары менен эске салат.
Жыйнакка кирген ырлардын кайсынысынан болбосун акындын сезимталдыгы, зиректиги, зээндүүлүгү туюлуп турат. Адатта айылда төрөлүп, айылда балалык чагы өтүп, эрезеге жеткенден кийин шаардан окуп, шаарда иштеп калган балдар, кыздар балалык чагы өткөн туулган айылын өмүр бою сагынып өтөөрү бышык. Мундузбектин “Айлым бүтпөс жүрөк сыр” деген ыры мына ушул шаардык болуп калган кишилердин айылга болгон сагыныч, кусалык сезимин ойгото турган ыр. Сагынган айылын ыр менен жазайын десе элдин баары эле акын эмес. Ошондуктан “Айлым бүтпөс жүрөк сыр” ыры жалпы айылын сагынгандардын атынан жазылгандай сыяктанат:
Учкул элем мен балапан күнүмдө,
Айыл бойлоп чуркачумун күйүгө.
Жанга тааныш короздордун үнү да,
Кусадармын коюу чыккан түтүнгө.
“Черновиктей биздин өмүр” ырлар жыйнагы жалаң олуттуу ырлардан турат деп айткандан алысмын. Андагы “Бирге чыккан Азамат”, “Сүт саткан аял”, “Балдардын уктаганы” сыяктуу ырлары окурмандын көңүлүн куунак кылып, маанай жаркыткан ырлар. Мисалы, “Сүт саткан аял” деген ыры маани-маңызы жагынан алганда Алыкул Осмоновдун “Маляр”, “Плотник” деп аталган ырларына тете жазылган десем болот. Бул ырдын бир гана куплетин мисалга тарта кетейин;
Күндө келет сүт сатып, айран сатып,
Анан да “товарлары” каймак, быштак.
Заңкылдап үнү бийик операдай –
Таң менен көчөбүздү шаңдуу кылат
Мундузбектин Ысык-Көл жөнүндөгү ырларын окуп жатып мындан 60, 70 жыл мурунку Алыкул баштаган акындар бактылуу болгон турбайбы деген ойго кетет экенсиң. Себеби, 60, 70 жыл мурун “көл тартылып, бөксөрүп баратат, жылдар өткөн сайын көл суусу азайып, тартылып отурса, көлүбүздүн келечеги эмне болот?” – деген кабатырлануу, санааркоо, тынчсыздануу болгон эмес. Ошондуктан ал учурдагы акындар Ысык-Көлдүн сулуулугун, кереметин, касиетин даңазалоо менен гана алек болушкан. Ал эми азыркы учурда абал таптакыр башка. Көлдүн суусу жыл өткөн сайын көз көрүнө тартылып баратканы чындык. Немец улуу акыны И.Гётенин “Жер жарылса да, акындын жүрөгү аркылуу өтөт” – деп айтканындай мына ушул чоң көйгөйгө Мундузбектин акын катары тынсызданганы “Көлүмдө болсун амандык” – деген ырында айкын көрүнөт:
Чырпыгың элем чынармын,
Саябан шагын таратып.
Аз жашап өтөт чыгармын,
А сенде болсун амандык.
Толкунуң мага жалынып,
Оорусун каткан ападай.
Ансайын мен да кагылып,
Ооруймун жерге бата албай.
Ар бир сабында терең ой катылган бул ырдын “Оорусун каткан ападай” – деген ыр сабын алсак, чын эле апалар оорусун балдарынан жашырат, айткысы келбейт, себеби апа балдарынын тынчын алгысы келбейт, апа балдарын аяйт. Анын сыңарындай көлдүн азыркы абалын оорусун каткан апага салыштырган ыр сабы поэзияны түшүнгөн окурмандын жүрөгүн элжиретет. Ал эми “Неге бөксөрөт?” деген ырында акын кайдыгерликке жаны ачып, кейийт. Бул ырдан эки куплет үзүндү келтирейин:
Пейилдер куу чаначтай тарый берип,
Өлүү оокат, дүнүйөгө көзү тойбой –
Эл дагы маңкуртка окшоп эмне болгон,
Каректей ушул көлүн ойлоп койбой.
Кечээги жашыл саздан чаң чыгыптыр,
Толкундар жайпаган туш жайдак аянт.
Токтотуп машинасын чоң курсактар,
Ал жерде арак ичет ха-ха-хахалап.
Чынында эле көлдүн суусу тартылып баратканы менен иши жок, көлдүн көйгөйүн ойлоп да койбогон жандар четтен чыгат. Акын ырында Ысык-Көлдүн тагдырын атпай кыргыз журту, мамлекет азыртадан ойлобосо ким ойлойт деген маселени коёт.
Мундузбектин балалык чагы Улуу Ата Мекендик согуш эбак эле бүткөн учурга туш келсе да ал айылындагы согуш каармандары менен бетме-бет көрүшүп, таанышып калганга үлгүргөн. Ошол согуш каармандары Мундузбектин жаш жүрөгүнө терең из калтырганы анын акындык жигер менен жазган “Василий”, “Айтылбаган “кара кагаз”, “Чачымды алган абакем” аттуу ырларынан даана көрүнгөн жана бул ырларда согуш трагедиясынын тагы, илеби айкын чагылдырылган. Бул ырлардын ичинен “Чачымды алган абакем” аттуу ыры поэманын жүгүн көтөргөн ыр. “Чачымды алган абакем” бул согуш каарманы. Ал тууралуу ырда минтип айтылат:
Кан майданга күлгүн жашта аттанып,
Айтып калчу жалгыз немис атканын.
Ошол күнү табарсыкка ок тийип,
Госпиталдан жарым жандуу кайтканын.
Ошол немис түшүндөбү, ойдобу –
Болгон бугун “стакандан” чыгарчу.
Кайсы күнү кандай кызуу болсо да,
Садагалап бир жаңылбай чач алчу.
Кайран абам, курмандыгы согуштун,
Билген билди айтылбаган арманын.
Балким, мага тагдыр берген бактыдыр,
Далай барып чач алдырып калганым.
Бул ырда Мундузбек бала чагында чачын алдырган абакесинин көрөсөн элесин акындык мээримдүүлүк, боорукердик, айкөлдүк менен көкөлөтө баяндайт. Эгерде арбак ыраазы боло турганы чын болсо, анда Мундузбектин чач алган абакесинин арбагы ыраазы. Эң башкысы бул ыр поэзия дүйнөсүндө жылдызы жанган ыр бойдон сакталаарына ишенем.
Жыйнакка кирген “Афган жеринде курман болгон курбалдаштарга”, “Термез – совет-афган чек арасы, 1988-жыл”, “Шейиттер үнү”, “Жазганым чын” деген ырларды жүрөктөн оргуп чыккан күйүт ырлары десем болот. Көркөмдүк деңгээли бири-биринен кем калбаган бул ырларды окуп жатып, мамлекет жүргүзгөн саясаттын калпыстыгы канчалык трагедияга алып келгендигин сезебиз. “Афган жеринде курман болгон курбалдаштарга” деген ырында афган согушуна төмөндөгүдөй мүнөздөмө берген:
“Каны жок” согуш кан менен бизди какшаткан,
“Каны жок” согуш, катарымды алдап, калп айткан.
“Аты жок” согуш, ый менен бизди зарланткан,
“Аты жок” согуш, ыйманды жалмап, арданткан.
Кандай таамай берилген мүнөздөмө. Чынында “интернационалдык милдет” деген курулай ураан астында бекерденбекер нечендеген чырактай жанган жаш өмүрлөр кыйылбады. Мына ушул афган согушунда курман болгон курбалдаштарына арналган ырында акындын өкүтү жана арманы:
“Ыр жазсам азыр – ыр жазгым келет аларга,
Бийлесем азыр – тургузгум келет катарга.
Далыдан таптап, жолдош деп колдон кармамак,
Капамын кээде аларсыз жашап жатканга” – деп айтылат да төмөндөгүчө жыйынтыкталат:
Турналар кайкып, тааныштай бизди чакырат,
“Саламат бол!” – дейт алыстан алар ар убак.
Чынында афган согушу канчалаган жаш өмүрлөрдү жалмап кеткен тарыхка кара так калтырган согуш. Анда жазыксыз өлүмгө дуушар болгон, эми эле “муруту чыккан азыраак” жашы он сегизден ашкан (көп улуттагы) жигиттерибиз эч качан унутулбашы керек. Мундузбектин афган согушуна арналган мен жогоруда атап өткөн ырларын таланттуу поэзиянын кудуретинен жаралган көөнөргүс, нагыз эстелик ырлар деп атоого болот. Ал ырларды кайсы убакта окубагын афган апааты көз алдыңа тартылып, ал элге канчалык күйүт, чеги жок жоготуу алып келгенин жүрөгүң менен туясың. Бул ырлардын баалуулугу ушунда.
“Черновиктей биздин өмүрдөгү” ырлардын баарын талдап аягына чыгуу кыйын. Анткени андагы көп ырларда олчойгон ой, чылкый философия жатат деп айтсам, бул ырларды окуган окурмандар менин ушул оюма толук кошуларына ишенем. Ал ырлардын көркөм эстетикалык деңгээлинин бийиктиги да окурмандарды өзүнө тартып турат. Ошол эле учурда акындын ыр жазуу техникалык чеберчилигине таң коё албайсың. Ал жазган ырлардын тулку боюнан кемтик табуу кыйын.
Менин жеке пикиримде эгерде акын болобу, кара сөз чебери болобу, ал келечекке кала турган төгөрөгү төп келген, окурмандын купулуна толгон чаканбы же көлөмдүүбү түбөлүккө кала турган көркөм чыгарма жаратып алса, бул анын чыгармачылыктагы чоң жеңиши жана бактысы болот. Ушундай бактыга Мундузбек “Черновиктей биздин өмүр” ырлар жыйнагындагы ырлары менен жетти го деп ойлойм. Ал ырлар кыргыз поэзиясынын мыкты ырлар антологиясынан тартынбай орун алганга татыктуу – деп эсептейм. Албетте мындай ырлардын жазылышына биринчи кезекте акындык шык-жөндөмдүн, таланттын болгондугу, экинчиден анын кыргыз поэзиясы менен терең тааныш болуп келгендиги, айрыкча Алыкул Осмоновдун поэзиясынын күчтүү таасири түрткү болгондугун көрөбүз. Ошол эле учурда жыйнакка кирген котормолору анын дүйнөлүк поэзияны көп окуп, көп билгендигин айгинелейт. Бул котормолор да Мундузбектин акындык дараметинин көрсөткүчү десек болот. Айталы, Ю.Лермонтовдун “Бородино” аттуу ырын кимдер гана билбейт. Орус поэзиясынын туу чокусунда турган ушул ырды кыргызчага которгонго акындарыбыздын бирөө да даай алган эмеспи, анын кыргызча которулганын эч жерден окуган эмесмин. Мундузбектин ушул ырды которгонго бел байлаганы мени таң калтырды. Анткени “Бородинону” которуунун жоопкерчилиги, түйшүгү абдан оор эле. Ошого карабастан Мундузбек бул ырдын ыргагын, демин таба алганын котормонун биринчи куплетин окуганда эле сезесиң:
— Айтчы, акетай, бул Москва,
Отко күйгөн, французга
Өтпөгөндүр бекер-тек?
Кармашуулар болгон канча,
Каның дүргүйт аларды айтса!
Жөн жеринен бүт Россия
Бородинону эстебейт!
Ушул ыргак сакталуу менен “Бородино” баштан-аяк түп нускага тете которулган. Оку да ырахатын ала бер. Ошондой эле мурда жана кийин жашап өткөн кытай акындарынын, Михаил Ломоносовдун, Фёдор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Давид Кугультиновдун, Мухтар Шахановдун ырлары, Омар Хаямдын рубаилери да ”Бородинодон” кем эмес которулганынан күмөн саноого болбойт.
Мен “Черновиктей биздин өмүр” ырлар жыйнагын окуп бүткөндөн кийин чыдай албай бир таанышыма “Мундузбектин ырлары укмуш экен” – деп айтсам, “эмне ал ыр да жазат бекен” – деди. Чынында Мундузбектин ыр жазаарын билбегендер көп болсо керек. Бирок, Мундузбектин поэзиясы алар үчүн чоң жаңылык болооруна ишенем.
Абдимухтар АБИЛОВ