Анткени 11-май күнү Аксы районуна караштуу Жылгын жана Аркыт айылдарын байланыштырып турган көпүрөнү сел алып кеткен. Учурда ал көпүрөдөн адамдар жөө гана өтүшүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай так ушул мезгилде көлгө эс алууга баргандардын саны көп болот. Аксы райондук жол тейлөө ишканасынын башчысы Алмазбек Муратбеков “Жаңы көпүрө курууга болжол менен 20 миллион сом акча каражаты кетиши мүмкүн. Акча бөлүнгөнгө чейин убактылуу каттоону ишке киргизебиз», — деп билдирди. Ал эми жарактан чыккан көпүрө 30 жыл мурда курулган.