Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Баткен облусунда Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы унаа жолу пайдаланууга берилди.
Зардалы айылы район борборунан 110 чакырым алыстыкта, тоо арасында жайгашкан. Буга чейин кыш айларында жол жабылып, айылга жетүү кыйын болгон.
Президенттин тапшырмасы менен Сары-Талаа айылынан баштап Кызыл-Таш жерлигине чейинки узундугу 11 чакырым, туурасы 3-4 метр болгон кууш жолдун туурасы 6 метрге кеңейтилип, Кызыл-Таштан Зардалы айылына чейинки 7 чакырым жол жаңыдан курулуп, Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30 метр болгон темир көпүрө курулуп, автоунаа каттамы камсыздалды.
Натыйжада жол 26 чакырымга кыскарып, Зардалы айылына автоунаа каттамы ачылды. Жалпы узундугу 18 чакырым болгон жолдун курулушуна 888,9 млн сом жумшалды.

