"Эркин-Тоо"

Сары-Жазда Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу пайда болот

Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы отурумунда Кыргызстандагы чокуга Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Ага ылайык, бул аталыш Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек
мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна
берилгени турат.

Эске салсак, 2-июлда президент Садыр Жапаров БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен
Чолпон-Ата шаарында жолугуу учурунда тиешелүү сертификатты ыйгарган эле.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!