Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сары-Жазга барып, курула турган ГЭСтердин ордун карап чыкты.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров менен бирге Кытай Эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь барды.
Сары-Жаз суусуна 1100 МВт кубаттуулукта 6 ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашыруу аракети ушул кезге чейин токтоп турган.
Учурда долбоорду ишке ашыруунун кадамдары башталып, инвестиция тартуу жолдору талкууланууда.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайга иш сапары менен барат, анын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөт.