Кыргызстанда бир жума ичинде КРВИ жана сасык тумоонун 5миң 140 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 49-жумасында КРВИ жана сасык тумоонун 5миң 140 учуру катталды. Бул өткөн жумага салыштырмалуу 3,8%га көп. Ооругандардын ичинен 71,1%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Ошондой эле, республикада COVID-19 илдети боюнча жумалык мониторинг уланууда. 49-жума ичинде Ош шаарында СOVID-19 инфекциясынын 1 учуру катталды.