Кыргызстанда бир жума ичинде (4-ноябрдан 11-ноябрга чейин) сасык тумоо менен ооругандар көбөйүп, 4275 учур катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Алардын 70%ы 14 жашка чейинки балдар. Бишкек, Ош шаарларында жана Ысык-Көл, Чүй облустарында калктын көптүгүнө байланыштуу башка аймактарга салыштырмалуу оорунун көрсөткүчү жогору экендиги айтылды. Ал эми ооруунун күчөшү суук аба ырайы менен байланыштуу болууда.