"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Медицина

Сасык тумоо менен ооругандардын көрсөткүчү төмөндөдү

2026-жылдын 6-жумасына карата ыкчам маалыматка ылайык, республика боюнча КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын 12 400 учуру катталды. Интенсивдүү көрсөткүч — 169,0, бул өткөн жумага салыштырмалуу (05-жума, и.п. 190,1) 11,1%га төмөндөдү.

Ооругандардын жалпы санынын 73,8%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Алардын 12%ы ооруканага жаткырылган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар (ТОРИ) жана сасык тумоого окшош оорулар боюнча дозордук эпидемиологиялык көзөмөл улантылууда.