"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Медицина

Сасык тумоо менен ооругунан 14 жашка чейинки балдардын саны 9055ке жетти

Кыргызстанда 17–23-ноябрь аралыгында курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун 13 миң 54 учуру катталып, өткөн жумага салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти маалымдады.

Ооругандардын 69%дан ашыгы — 14 жашка чейинки балдар (9055 учур). 945 бейтап ооруканага жаткырылган.

Адистер сасык тумоонун сезону башталганын эске алып, төмөнкүлөрдү сунушташууда: эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, беткап тагынуу, биринчи белгилер башталганда коомдук жайларга барбоо, дарыгерге убагында кайрылуу, бөлмөлөрдү желдетип туруу.