Суук түшө баштагандан тарта курч респиратордук оорулар күчөйт. Ушул күндөрү республикада метопневмовирус көп катталып жаткан учуру. Бул тууралуу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева билдирди. Анын айтымында 2022-жылы да сентябрь айынын акыркы жумаларынан тарта тумоологондордун саны көбөйгөн. Андыктан жакынкы күндөрү элди сасык тумоого каршы эмдөө иштери башталганы турат. Биз Динара Оторбаевага кайрылып мезгилдүү вирустук оорулар тууралуу бир нече суроо узаттык.
— Динара айым, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күз айларында сасык тумоонун жаңы толкуну башталат деген билдирүү таратты.
— Негизинен күз айларында сасык тумоо күч алат. Аларга вирустук оорулар кошул-ташыл болот. Буга чейин ковид пандемиясында эл көп ооруп, иммундук системасы начарлаган. Андыктан дүйнө элине ДСУ сасык тумоонун алдын алуу керектигин эскертип жатат.
— Акыркы кезде көпкө созулган сасык тумоо байкалууда. эмне үчүн сакайган адам кайра эле ооруп калууда? Сиздер анализ жүргүзүп көрдүңүздөрбү?
— Туура, айрыкча балдар арасында мындай учурлар көп катталууда. Тумоолоп калгандар сакайып бара жатып эле кайра ооруп калдым деп бейтапканага көп кайрылышат. Мындай көрүнүштүн жөнөкөй эле түшүндүрмөсү бар. Ооруп калган адам бир вирустан арылып эле кайра экинчисин жуктуруп, ооруп калып жатат. Азыр анализдер кээ бир балдардын бир учурда 3 вирусту жуктуруп алганын көрсөтүүдө.
— Коронавирус да катталып жатабы?
— Ооба, бул вирус да элдин арасында бар. Жумасына 5-10 адамдан табылып жатат. Коронавирус мындан ары да каттала бериши ыктымалдыгын эскерте кетейин. Андыктан тазалыкты сактоо маанилүү. Колду бат-баттан жууп, тумоолоп калганда маска тагынып жүрүү керек. Бул бейтапты башка вирус жуктуруп алуудан коргойт.
— Сиз айтып жаткан вирустук оорулар бардык эрежелерди сактаган учурда канча убакытта айыгышы керек?
— Ооруп жатканда маска тагып, тазалакты кармап, дарылана турган болсо 5 күндүн ичинде сакайып кетүү мүмкүн. Эрежелерди сактабаган учурда, өнөкөт оорусу барларга оор болуп жатат.
— Сиз вирустук оорулар көп катталып жатат деп айттыңыз. Биз аларды айырмалай алабызбы? Кандай белгилери болот?
— Дасыккан дарыгерлер оорунун белгилерине карап айырмалай алышат. Риновирус жуктуруп алганда мурундан суу агат. Сасык тумоолоп калгандардын муундары ооруйт. Аденовирус жуктургандардын тамагы көп ооруйт. Бирок, анализдер такталбагандан кийин жалпы эле курч респиратордук оорулар деген диагноз коюлуп калат. Сасык тумоонун белгилери оор болот.