Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны азаюуда.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 7-жумасында (12.02-18.02.24) республика боюнча сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциянын 6746 учуру катталып, өткөн жумага салыштырмалуу ооругандардын — 6,5%га азаюусу байкалууда.
Бардык оорулардын 65,7%ы 14 жашка чейинки балдар.