"Эркин-Тоо"
№82 2021-ЖЫЛДЫН 27-ИЮЛУ

Сатар Жаркымбаев: “Жарым жылдык планды ашыгы менен аткардык”

Учур маселеси.

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Каракол-Аксуу филиалынын жетекчиси Сатар Жаркымбаев:

— Сатар Мусилинович, жетекчилик жооптуу кызматка келгенге чейин такшалуу, тажрыйба топтоо тепкичтеринен өттүңүз. Ошол алгачкы эмгек жолдоруңуздан эскерип кетсеңиз.

— 2002-жылы Каракол-Аксуу боюнча аталган мекеменин архивариусу болуп иштеп, оозго алындым. Ал эми 2006-жылдан 2016-жылга чейин ушул эле тармакта Ысык-Көл районунда эмгектендим. 10 жыл ичинде такшалдым, тажрыйба топтоого айрыкча көңүл бурдум. Баарыбызга беш манжадай белгилүү болгондой Ысык-Көл районунда жер-суу маселесинин тегерегинде талаш-тартыштар арбын. Көгүлтүр көл жээгинде эс алуучу жайлар, санаториялар да жыш жайгашкан. Демек, аталган райондо өткөн 10 жылым текке кетпеди. Айталык, каттоо бөлүмүнүн башчысы болуп 5 жыл иштедим. Бөлүмдүн күзгүсү болуучу архивин чыңдоого көп күч жумшалды. Архивдик иш кагаздарды ырааттоо жана инвентаризациялоодон толук кандуу өткөрүү аягына чыкты. Оңдоо иштери илгериледи. Мурда орун алып келген кемчиликтер кыскарды. Тартипке салынды.

Азыркы жетекчилик жооптуу кызматка конкурстун жыйынтыгы менен бекидим. Тестирлөө баш болгон сыноо, аңгемелешүүлөрдөн шыр өттүм. Даярдык, билим деңгээл, изденүү жемишин берет экен.

Эң башкы жаңылык, Каракол шаардык кеңешине талапкер болуп катышып, шайлоочулардын колдоосуна ээ болдум. Учурда шаардык кеңештин жер комиссиясынын төрагасымын. Жер маселеси боюнча талаш-тартыштарды эч токтоосуз чечүүгө зор мүмкүнчүлүк ачылды. Мыйзам чегинде эң биринчи элди ыраазы кылсак, алардын батасы гана тиет.

— Жетекчилик жооптуу кызматтын эки тизгин-бир чылбырын кармаганыңызга да аз гана убакыт болду. Ишти илгерилетүү жеңил болбосо керек.

— Айтканыңызда калет жок. Район жетекчилери мамлекеттик администрациялардын башчылары, акимдери да ротацияланды. Ошол себептен жаңы акимибиз баш болуп биринчи кезекте айыл өкмөттөрү менен кеңири таанышуу жыйындарын өткөрүп, эл-журт менен бетме-бет жуурулушуп, эл үнүн жеринде угууга өзгөчө көңүл бурдук.

Ак-Суу районунда 14 айыл өкмөтү бар. Ушул убакка чейин чечилбей келген кемчиликтерди четтетүү оңой эмес. Район боюнча 2009-жылга чейин трансформация өткөрбөстөн үй курууга бөлүнгөн жер тилкелерди бир категориядан башка категорияга трансформациялоо иштери жанданды. “Кадастр” ММ Каракол-Аксуу филиалы район боюнча 696,64 гектар жер тилкени айыл чарба категориясынан калктуу конуш жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) иш кагаздарды даярдаган. Даярдалган иш кагаздарды Жер ресурстары боюнча агенттигинин жана Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тарабынан жактырылышы үчүн аталган агенттиктин жана министрликтин кызматкерлери менен тыгыз иш алып барып, бардык тийиштүү иш кагаздары толукталды. Жыйынтыгында 12 айыл аймагынын ичинен: 2 айыл аймагынын иш кагаздары Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тарабынан жактырылып, Министрлер Кабинетинин кароосуна тапшырылды; 7 айыл аймагынын иш кагаздары Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кароосунда жактырылып, башка министрликтер менен макулдашылууда; 2 айыл аймагынын иш кагаздары Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин кароосунда;

1 айыл аймагынын иш кагаздары жергиликтүү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнөз милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаган себептеринен Ак-Суу районунун жергиликтүү комиссиясынын кароосунда турат.

Жыргалаң айыл аймагынын жашоочуларынын көбөйүшүнөн, турак жайларды курууга жер тилкелердин тартыштыгынан улам жерге болгон муктаждык тереңдеди. Ошондой эле туризмди өнүктүрүү учур талабы. Ат арытып алыстан келген конокторду, туристтерди орноштурууга заманбап шарттарды түзүү, мейманканаларды куруу зарыл. Тилекке каршы, курууга ылайыктуу жер тилкелери көздөн учат. Ошондуктан Жыргалаң айылынын аянтын кеңейтүү талабы курчууда. Ал үчүн токой чарбачылыгына тийиштүү жайыт жерлердин эсебинен калктуу конуш категориясындагы жерге которуп (трансформациялап), Жыргалаң айыл аймагынын административдик чегинин баяндамасын түзүү жана бекитүү керек. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тарабынан бул иштин саатын чыгарууга басым жасалууда.

Жыргалаң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн демилгеси менен “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Каракол-Аксуу филиалынын жана ГИС бөлүмүнүн адистери Жыргалаң айылында аэрофотосъемкаларды жүргүзүштү. Жыйынтыгы менен аталган айыл аймагынын административдик чегинин баяндамасынын долбоору даярдалды. Жыргалаң айыл кеңешинин жана Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин кароосуна сунушталды.

Долбоор боюнча токой чарбасына тийиштүү 106,6 га жерин трансформациялоо каралууда. Жыйынтыгында Жыргалаң айылынын жалпы аянты 180 гектар болот.

Аталган айыл өкмөтүнө мыйзам чегинде жер тилке өткөрүлүп берилсе, туризм менен шугулданган ишкерлер ак өргөлөрүн көтөрүшүп, туристтерди кабыл ала башташат. Туристтердин кызыкчылыгын көздөгөн заманбап шарттар түзүлөт. Ушул урунттуу маселелерди жакын арада чечип алсак, албетте, пайдасын гана көрөбүз. Табиятыбыздын кооздугун, сулуулугун даңазалоо ар бирибиздин милдетибиз.

Учурда электр энергиясына болгон таңсыктык тынчыбызды алууда. Андыктан районубузда энергиянын кайра жаралуучу булактарын жандандыруу колго алынууда. “Кадастр” ММ Каракол-Аксуу филиалынын адистери Ак-Булуң айыл аймагындагы Түргөн суу фондусунун жерин чакан ГЭС курууга бөлүп берүү маселесин бышыктоодо. Иш кагаздары даярдалып, тийиштүү мекемелердин кароосуна өткөрүлүп берилди. Бул иш-чаралар филиал тараптан акы төлөөсүз даярдалды. Даярдалган иш кагаздарды Министрлер Кабинети жактырып, токтомун кабыл алса райондо 2 мегаватт электр энергиясын берүүчү чакан ГЭС курулат.

Мындан сырткары “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин ГИС бөлүмүнүн адистери районубузга иш сапары менен келгенде көп маселелерди чечүүгө аракеттендик. Челпек, Кара-Жал, Октябрь, Теплоключенка, Бөрү-Баш айыл аймактарында айыл чарба багытындагы такталбай калган, такталууга тийиш болгон жерлерди дрон аркылуу тартуу жүргүзүлдү. Айыл аймактарында жарандардын үлүшкө алган жерлеринин чектерин көрсөтүү менен электрондук карта түзүлүүдө. Картага ар бир үлүш жер тилкенин чеги “Кирг-06” координат системасында түшүрүлүүдө. Жер тилкелеринин чектери боюнча талаш-тартыш маселелери пайда болгон учурда аталган картадагы координаттары боюнча ар бир жер тилкенин чегин башка жарандардын жер тилкелерин ченебестен ордунан так орнотуу мүмкүн болот.

Замандын талаптарына ылайык бардык иш кагаздар кагаз бетинде эле болбостон, электрондук ташуучуларда болушу абзел. Алты айдын ичинде Кыргыз Республикасында жер реформасы өткөн учурдан так айтканда 1994-жылдан бери жарандарга жер үлүшүн берүү боюнча түзүлгөн иш кагаздарды сканерлөө менен жер үлүштөрүн алган жарандардын электрондук тизмеси даярдалды. Долбоордо электрондук тизмени жергиликтүү айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнө иш алып баруусун жеңилдетүү максатында өткөрүп берилет.

Айчүрөк Макешова