31-октябрда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Арабиянын элчиси Ибрагим бин аль-Ради менен жолугушту.
Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу, аймактарда фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, тажрыйба алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Элчи Король Салман атындагы гуманитардык жардам борбору Кыргызстанда 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин жүрөккө бекер операцияларды жасоо акциясын өткөрүүнү көздөп жатканын билдирди.
«Бул акцияны өткөрүү үчүн Кыргызстанга 30 адистен турган топ келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 100гө жакын жардамга муктаж бейтаптардын жүрөгүнө бекер операция жасашат. Алар 500 миң доллардан ашык стенттерди жана керектүү медициналык жабдууларды бекер алып келишет», — деп айтылат маалыматта.
Алымкадыр Бейшеналиев элчиге саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул акцияны өткөрүүдө Саламаттыкты сактоо министрлиги келген дарыгерлер тобуна бардык керектүү жардамдарды берерин белгиледи.