"Эркин-Тоо"

Сауд Аравиясы 1-августтан баштап эмделбеген жарандардын мекемелерге жана иш-чараларга келүүсүнө тыюу салат

Сауд Аравия 1-августтан баштап, коронавирус илдетине каршы эмделгендер гана каалаган мамлекеттик, жеке жана билим берүү мекемелерине бара алат. Бул тууралуу Сауд Аравиянын Кабар агенттиги маалымдайт.

Вакцина алмайын иш-чараларга катышууга мүмкүн эмес.  Негизги талап экономикалык, соода, маданий, илимий жана социалдык мүнөздөгү иш-чараларга, ошондой эле спорттук жана көңүл ачуучу иш-чараларга карата колдонулат. Ошондой эле, коомдук транспортту колдонуу үчүн дагы коронавируска каршы вакцина талап кылынат.

 Мындан тышкары, Сауд Аравиясынын бийликтери иштеп жаткан ар бир жаранды өз жумуш ордуларына баруу үчүн Covid-19га каршы эмдөөдөн өткөрүүнү буюрган.

Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Сауд Аравиясында коронавирус диагнозу аныкталгандардын саны 435 027 адамга жетип, 7188 бейтап каза болгон.   Буга чейин, падышалыктын жарандык авиация департаменти 20-майдан тарта Сауд Аравиясына келген жана коронавируска каршы эмделген чет элдиктер үчүн жети күндүк карантин жокко чыгарыларын билдирген.  

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!