"Эркин-Тоо"

Саясат таануучу Тимур САРАЛАЕВ: «Кемпир-Абад маселесинде мындан артык келишим болбойт»

Жакында Жогорку Кеңеш Кемпир-Абад маселесин ачык карайт. Буга чейин чек ара маселеси көрүнгөндүн эле бетине кармаган шылтоосуна айланды. “Сатып жибериптир” деп жер сабагандардын элди эки анжы кылып адаштырганына дагы күбө болдук. Кээ бир журналисттер, саясатчылар, депутаттар саясий оюнга айлантып, фактыларды бурмалап, туура эмес маалыматтарды таратышты. Эми ага убакыт тараза.

Мен дагы кененирээк маалыматтарды угуп, Кемпир-Абадды берип салбай эле алып жатканыбызга ынандым. Сабыр кылып турсак, жакында бул маселе Жогорку Кеңеште ачык каралат. Ошондо бурмалап жаткан саясатчылар, козутуп жаткан депутаттар жалган маалыматтары үчүн уялышат деп ойлойм. Пикир алмашууда, сын айтууда жалгандын дагы чеги болуш керек. Бул суу сактагыч убагында Өзбекстандын эгин талаалары үчүн курулуп, плотина алардын аймагында жайгашкан. Курулган күндөн тартып Өзбекстан пайдаланып келет. Көп учурлар болгон, аны өзгөндүктөр дагы жакшы билет. Жаанчыл жылдары суунун көлөмү көтөрүлүп, кыргыздардын айдоо жерлерин басып кетчү экен. Эч ким Өзбекстанга доомат кыла алган эмес, тек гана айдоо жеринен айрылып отуруп калышчу.

Суу сактагыч курулган жылдар аралыгында Кыргызстан суу сактагычтан пайдаланышкан эмес. Бул факт! Жергиликтүү жашоочулар жээгине бара алчу эмес. Балык кармайм деп кирип алгандарды өзбектер кармап кетчү экен.

Эми азыркы келишим боюнча кандай болгону жатат? Суунун көлөмүнө эки мамлекет бирге көзөмөл кылат. Мурдагыдай айдоо жерлерди суу басып кетпейт. Эгер суу көлөмү көтөрүлүп бара жатса, бир нукта кармалат. Мурда жээгине басып бара албасак, эми каалоочулар балык кармап, кайыктар менен үстүндө сүзүп жүрө алат. Буга чейин сууну айыл чарба багытына колдоно алган эмеспиз, бул дагы кашкайган чындык. Өзгөндүн эли дагы муну жок дебейт. Азыркы келишим боюнча айдоо жерлерге каалаган жерден суу түтүктөрүн тартып пайдалансак болот. Дагы кандай келишим болуш керек мындан артык? “КемпирАбадды сатып жиберди” — деп айтып жаткандар ушул суроолорго жооп беришсе жакшы болмок? Чек араны бизге мындай кылып ыңгайлуу чечүү сындап жаткандардын колунан келеби? Азыр сындагандардын көбү мурда жогорку кызматтарда, бийликте болушкан. Эмнеге ошол кезде чече алышкан эмес!? Ошондуктан, ар кайсы саясий кызыкчылыктарды көздөгөн топтун тилине кирбей, так маалыматка карагыла деп айткым келет. Плотина Өзбекстандын аймагында жайгашкан, келишим ратификация болсо алардын аймагына биздин чек арачылар кирип, плотинаны чогуу карашат. Мындай келишим албетте Кыргызстан үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу. Жөн эле кыйкыра бербей, жыйынтыкка көңүл буруп, оройлонбой мамлекеттик туруктуулукту ойлонсо.

1965-жылдан бери плотинаны Өзбекстан башкарып келет. Буга чейин кыргыздын бир аскери ал жакка кире алган эмес. Азыркы келишим боюнча мындан ары башкаруу 50/50 болуп, биз дагы плотинага теңме-тең көзөмөл кылабыз. Суунун көлөмү белгиленген деңгээлден ашпайт. Дагы бир логикага туура келбеген ойду чанжыраткандар, “суу ээлеп турган жерди алышыбыз керек, соолуганда жерди пайдаланабыз” — деп суунун түбүнө көз артып жатышат. Бул дагы элдин башын айландырган манипуляция! Болуп келген суу, дагы далай жылдар, кылымдар агат. Суу түгөнүп, соолуп кала турган күн келсе, анда адамзаттын жашоосу дагы бүтөт да.

Өзбекстан менен чек араны тактоодо дагы көп жакшы маалыматтарды уктум, албетте ичимдеги сезимдерим туйлап, ачыктап, айтып салгым келип, сиздер менен бөлүшкүм келип жатат. Бирок сүйлөшүүгө зыяным тийип калбасын деп, азырынча көп маалыматты өзүмдө кармап турайын деп чечтим. Мындан артык келишим болбойт, болушу дагы мүмкүн эмес.

Жакында Алмазбек Атамбаев айтты го, “чек ара маселесин мен атайын кийинкиге калтыргамын, Садыр Жапаров дагы кийинкиге калтырса болмок” деп. Туугандар, учурда Өзбекстандын калкынын саны 40 миллион. Дагы 10 жылда калкынын саны миллиондоп өсөт. Жерге болгон муктаждык күчөйт. Талаш аймактарга жайгашат, согушсуз эле кирип келет деп ким кепилдик берет? Отуз жылдан бери ушул түйшүктү эч кимиси чечкиси келбей, улам кийинкиге калтырып келе бергендин кесепетин көрүп жатабыз. Жапаров деле чек араны кийинкиге калтырып, президенттик мөөнөтүн жыргап өткөрсө болот беле? Болмок. Андай кылган жок да, жоопкерчиликти алып, киришип, чечип жатат. Маселе болгондо дагы Кыргызстандын пайдасына чечилип жатат.

Чек араны шылтоо кылып, жеке өздөрүнүн кызыкчылыктарын ишке ашырууну максат кылгандар жер карап, уяла турган күнгө аз калды. Жакында жакшы кабарларга чогуу күбө болобуз. 

№99 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-ноябры
Разия ЖООШБАЕВА

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!