— Чолпонбек мырза, АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргыз парламентинда каралып жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирип Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго кат жолдогон. Президент Садыр Жапаров мамкатчынын катына дароо терең мазмундагы жообун узатып, сөзүнүн аягында өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөнү суранды. АКШнын Мамлекеттик катчысы калпыстык кетирдиби?
— АКШнын мамлекеттик катчысынын өлкө башчысына кайрылып жатканы бир чети күтүлгөн табигий көрүнүш. Себеби, АКШ көп жылдардан бери эле демократия, адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарды жайылтуучу кудурети күчтүү борбордун ролунда келатат да. Бир чети бул баалуулуктар АКШнын дүйнөгө таасир этүүчү саясий механизмдери болуп саналат. Ал эми анын рычагдары — тигил же бул мамлекеттердеги өкмөттүк эмес уюмдар. Мени кубандырганы, Садыр Жапаров жоопту катыра берди (сөздүн түз маанисинде). Ал өзүнүн жообун салмактуу жүйөөлөрү, ташка тамга баскандай аргументтери менен бышыктай алды десек болот. Анан эң башкысы анын жыйынтыктоочу сөзү. Бул тышкы саясаттагы улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн маанилүү стратегиялык кадам.
— Бул жерде улуттук кызыкчылык боюнча сөз жүрүп жатат, ошол боюнча кыскача түшүнүк бере кетесиңиз…
— Улуттук кызыкчылык түшүнүгү экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки “саясий реализм мектебинин” калыптанышы менен пайда болгон эл аралык мамилелер системасынын маанилүү стратегиясы. Реалист окумуштуулар улуттук кызыкчылыка негизделген тышкы саясат кайсы бир универсалдуу моралдык принцитерди жетекчиликке алган тышкы саясатка караганда артыкчылыкка ээ дешет. Ал эми мамлекеттин негизги кызыкчылыктары – Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, улуттук бийликти бекемдөө, улуттук коопсуздукка коркунучтарды азайтуу, жагымдуу коңшулук алкакты түзүү жана өнөктөштүккө негизделген мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү. Арийне азыр “улуттук кызыкчылыктар” термини эл аралык аренада көбүрөөк колдонулат. Улуттук кызыкчылык – абстрактуу жана субъективдүү категория. Анткени, анын параметрлери тигил же бул коомдо өкүмдарлык кылган дүйнөтаанымга жана баалуулуктар системасына жараша аныкталат. Ушул себептен ага өтө так аныктама берүү кыйынга турат. Бирок, ар бир мамлекет эл аралык аренадагы өз ишмердүүлүгүн, керек болсо согуштук аракеттерин улуттук кызыкчылыктарын коргоого болгон аракет катары түшүндүрүп актанаары бул факт. Демек улуттук кызыкчылык – мамлекеттин керектөөлөрүн чагылдыруу, аңдап түшүнүү анын жашап кетүүсүнүн жана ишмердүүлүгүнүн өбөлгөлөрү.
— Демек, ушул жагынан алып караганда Президенттин жообу өтө маанилүү экен да?
— Албетте! Бир катар жылдар бою керек болсо эгемендикке ээ болгондон бери эле ашкере гумандуулук, дипломатиялык чеберчиликке, аярлыка шылтоолоп баарынын (Батыштын да, Чыгыштын да, Орусиянын да, Кытайдын да ж.б.) көнүлүнө карап, баарына макул дей берип запкысын тартып калган учурлар көп болгон. Жакын арада дүйнөдө геосаясий кайра форматташуу процесси башталган турат, аны геосаясаттагы “тектоникалык жылыштардан” байкасак болот. Айталы ошол эле АКШ мурунку 20, 30 жыл мурдагы АКШ болуудан калып бара жатат, туурабы? Буга чейин бейөкмөт уюмдар коомчулук тарабынан да, бийлик тарабынан да коргоого, колдоого алынчу. Алар алган каражаттардын агымына, долбоорлорунун түпкү максатына анчалык маани деле берилчи эмес. Мен ПРООНдун “Децентрализация жана социалдык мобилизация” деген долбоорун жакшы билем. Ал долбоор өлкөнүн ар кайсы облустарында пилоттук райондордо 3 жылдык мөөнөттө ишке ашырылган. Мисалы, Нарын облусунда Кочкор, Ыссык-Көлдө Тоң, Ошто Алай, Жалал-Абадда Аксы, Чүй облусунун Ыссык-Ата райондорунда ишке ашырылган жана алардын тажрыйбасы коңшулаш аймактарда маал-маалы менен жайылтылып турган, каржылоосу да сезилээрлик болгон. 2005-жылы март айында революция болуп бийлик алмашты. Ошонун алгачкы учкундары дал ошол Кочкор, Тоң, Аксы, Алай аймактарында башталган. Кийин да шайлоолордун жыйынтыгы Кочкордо, Тоңдо кандай болду эле, элдер кайсы аймактарда активдүү көтөрүлдү эле? Балким бул жөн эле дал келүүдүр. Арийне, айрым долбоорлор аймактын элинин саясий маданиятын өзгөртүүгө салым кошуп ийгенин жокко чыгарууга болбойт. Кыскасы, улуттук кызыкчылык — улуттук коопсуздук менен тыгыз байланыштуу түшүнүк.
— Анда эмне үчүн коомдун айрым бөлүгүндө ал мыйзам долбооруна карата нааразычылык, авторитаризмге ыктоо болуп жатат деп атышат?
— Элге 100 пайыз жагыш деги эле мүмкүн эмес. Турмуштун өзү салыштырмалуу, андыктан баары салыштырмалуу бааланууга тийиш. Азыр бийлик авторитаризмге ыктоодо. Бирок, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, улуттук коопсуздукту чыңдоо, социалдык чөйрөнү өнүктүрүү жана эң башкысы бийлик менен тирешкенге жетишип калган кылмыштуулук, коррупцияга каршы күрөш ары масштабдуу, ары эрк көргөзүү менен жүрүп жатат. Бул мыйзам долбоорунун демилгелениши ушул мен санап өткөн процесстердин логикалык уландысы. Тагыраагы, мыйзамдын негизги максаты өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын каржы булактарынын ачыктыгын камсыз кылуу деп түшүнүшүбүз керек. Айрым геосаясий дымагы бар же бизге көзү түз эмес өлкөлөрдөн ар кыл карөзгөй максатты көздөгөн каржы булактарына бөгөт коюу — улуттук коопсуздуктун өңүтүнөн алганда маанилүү. Бул батыштан каржыланган саясий эле эмес, диний уюмдарга да байланыштуу. СССР кулагандан кийинки масштабдуу кризистердин айынан коомдо өкмөткө, бийликке, жалпы эле мамлекетке ишеним өтө төмөндөп, коомдун кайсы бир бөлүгү ошол ишенимди ар кандай диний агымдардан таап кеткендер көп болгон. Карайлап калган адамдарды каржылап, анан “психологиялык оброботка” кылып туруп өздөрүнүн катарына тартып кетишкен. Болбосо туруктуу киреше булагы жок жөнөкөй эле биздин жарандар динди жайылтуу үчүн баарына кайыл болуп Индия, Пакистанга, Бангладешке чейин барып келип жатышат. Кайсы каражат менен деген суроо туулат да туурабы? Мына ушундай көрүнүштөр улуттук коопсуздука коркунуч туудурган деңгээлге чейин жетип кетпеш үчүн өкмөттүк эмес уюмдардын каржы булактарынын ачык болушун шарттап жатат.
Зулпукаар САПАНОВ
№13 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 16-февралы