Коомдогу актуалдуу маселелерди ар убак сыдыргыдан таамай өткөргөн саясат талдоочу Чолпонбек Медеркулович менен бул сапар соңку кадрдык жүрүштөр, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы өңдүү бир катар маселелердин айланасында кеңири маанайда баарлаштык. Маектешим биздин соболдорубузга ташка тамга баскан аргументтүү жоопторун узатты. Эмесе, бул жагын эл бааласын.
— Чолпонбек мырза, Өлкө Башчыбыз парламенттик шайлоо бүтөөрү менен кадрдык жүрүштөргө жан киргизип, бир катар орун алмаштыруу саясатын кандайча чечмелейт элеңиз? Бул сапар “контордон” чыккан кадрларга артыкчылык берип, чекисттерди карьералык секирик жасатышында (Коопсуздук кеңеш катчысы, Саламаттык сактоо министри) кандай сыр бар деп ойлойсуз?
— Ар шайлоодон соң, өзгөчө Жогорку Кеңешке же президенттик шайлоолордон кийин ар качан кадрдык өзгөрүүлөр болуп келгени бул табигый көрүнүш. Себеби, бул аралыкта айрым кадрлар өз участогунда болгон потенциялын жумшап, өзүн көрсөтүп, кайсы бир учурда анын иши солгундап калат. Мындай шартта тигил же бул тармакты андан ары жандандырып, сенектикке, реформаларда солгундоолорго жол бербеш үчүн ошондой саясий чечимдер, ротация, жаңы кадрларды дайындоо болуп турганы реформалык аракеттерди солгундатпай, андан ары жигердүү жылдырууга түрткү берчү саясий процесс. Ал эми сен айткан “контордон чыккан” кадрларга өзгөчө артыкчылык берүүнүн сыры айрым билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу тейлөө тармагы кеңири, коомду камтуу жагынан эбегейсиз чоң, ары жооптуу тармактарды тартипке салуу, көзөмөлдөө, ичинен ирээтке келтирүү зарылдыгынан улам болсо керек. Аныгында билимдүү, дени сак улут гана өлкө келечегин кең кылчу башкы факторлордон. Кайсы өлкөдө болбосун мамлекеттүүлүктүн ажырагыс бир бөлүгү, экономика, социалдык тармак сыяктуу приоритеттүү деп аталган тармактардан да өзгөчө мааниге ээ – бул улуттук коопсуздук маселеси. Ааламдашуунун шартында жана маалымат алмашуу анчалык кыйынга турбай калган өзгөчө азыркы учурда бул маселе мамлекеттер (мейли ал экономикалык, аскердик жактан кубаттуу болсо да) үчүн талылуу маселеге айланган кез. Улуттук коопсуздук системасы түпкүлүгүндө саясий илимдин изилдөө объектиси жана маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Ага ылайык бул түшүнүккө саясий илимде төмөндөгүдөй аныктама берилет: Улуттук коопсуздук – бул душмандык аракеттердин же жөн гана окуялардын жүрүшүндө мамлекеттин негизги баалуулуктарына терс таасирин тийгизе турган абалда коопсуздукту сактоо. Арийне, бул аныктама менен анын көп кырдуу табиятына толук мүнөздөмө берүү мүмкүн эмес. Же болбосо коопсуздук коркунучу ар дайым бар, өзгөчө азыркы шартта коопсуздукту камсыз кылуунун деңгээли өзүнүн эң жогорку чегине жете албайт. Демек, улуттук коопсуздук бул бир орган же жөн гана түшүнүк эмес, азыркы учурдун реалдуу жана потенциалдуу чакырыктарына субъектилердин туруктуулук көргөзө алышы жана ошондой эле бул багыттагы зарылчылыктарды, маалыматтарды кайра-кайра текшерүү, аныктоо, тең салмактоо жана талдоо аркылуу мамлекеттин кубаттуулугун, бакубаттыгын бекемдөө боюнча жүргүзүлө турган иш-чаралардын комплекси, стратегиясы десек болот. Ал эми коопсуздук кеңешинин катчылыгына келген Рустам
Мамасадыков тажрыйбасы мол, саясий интригаларга аралашпаган, иштин майын чыгарган чыгаан кадрдык чекист, саясий илимдердин кандидаты. Демек, коопсуздук багытында илимий гипотезаларды практика менен айкалыштыра билет. Бул кишини эгемендүүлүк жылдары өлкөгө келген ар бир саясий жетекчилик УКМКнын биринчи орун басарлыгына, башка да жооптуу кызматтарга ар дайым тартып турушкандыгы эле көп нерседен кабар берет.
— Шайлоо демекчи, аламан жарышты, дегеле өлкөдөгү оош-кыйыш жагдайларды тереңден иликтеп, ажыратып-талдаган саясат талдоочу катары соңку парламенттик жарыштын өтүшү боюнча оюңуз кандай? Биз өзүбүздүкүлөр гана эмес, эл аралык байкоочулар жогору баа бергендей шайлоо жараянын өткөрө алдыкпы? Парламенттин жаңыланган сапаты купулуңузга толдубу?
— Ооба, айрым округдарда локалдык мыйзам бузуулар, ээнбаштыктар болгон менен бул жолу бийлик административдик ресурсту, ар кандай басым-кысымды болтурган жок. Шайлоочуларды жайына койду. Бул сапар деле ар кандай курактагы улуу, орто жана кичүү муундун өкүлдөрүн камтыган түрлүү кесиптин ээлеринен турган кадимки эле парламент болду. Эми алар жемиштүү, абийирдүү иштейби? Бул жагына жакынкы 5 жылдыкта чогуу күбө болобуз.
— Дегеле алдыда азыркыдай можаритардык система өзүн актайбы?
— Кыргызстандын бир топ жылдан кийин кайрадан можаритардык шайлоого өтүшүнө саясий себептер болду. Маселен, парламенттик система бир катар өлкөлөрдү өнүгүү жолуна салган, а биз болсо парламентаризмдин ашмалтайын өзүбүз эле чыгардык да, туурабы? Деги эле абсолюттук түрдө идеялдуу система болбойт, болгон да эмес. Ар бир эле бийликтин өз потенциалын, артыкчылыктарын көргөзүп, батыл реформаларга барган “динамикалык өсүү” мезгили болот. Бир учурда болсо дарамет, потенциал толук пайдаланылып, саясий жигердүүлүк пастап, кээде сенек абалга келет. Демек, кайсы бир учуру келгенде саясий системаны реформалоонун, модернизациялоонун зарылчылыгы келип, пропорционалдык шайлоо системасына толук же жарым-жартылай кайтуу болушу да мүмкүн. Азыр сыртта заман саат сайын эмес, мүнөт-секунд сайын өзгөрүп жатканын эске алганда келечекте бизде балким такыр башкача система да сунушталат.
— Парламент ишке кирсе бийлик бутактарында кайрадан кадрдык жүрүштөр жасалары белгилүү. Өлкөдөгү кадрдык саясатка карата бааңыз, ага удаа кандай сунушуңуз бар?
— Албетте, жаңы парламент ишке киргенде өкмөт отставкага кетип, масштабдуу кадрдык жүрүштөр күтүлөт. Бул жагы табигый, күтүлгөн нерсе. Соңку убакта кадр саясатында ийгиликтүү чечимдер болуп жатканы кубандырат. Маселен, ошол эле Мамлекеттик катчы кызматына дайындалган Арслан Койчуев Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө таанымал жазуучу. Аны батыштын да, чыгыштын да илимий-чыгармачылык коомчулугу абдан жакшы тааныйт. Ток этери, ал биздин өлкөдө эле эмес, эл аралык коомчулукка белгилүү интеллектуал. Түрк мамлекеттеринин биримдигинин кеңешинде тең-төрага катары мыкты иштеген, кыскасы, Мамкатчылык кызмат ээсин эми тапты десек болот. Жогорудагы дайындоолор кадр саясатындагы ийгиликтүү чечимдерден болду. Аныгында кадр саясатында меритократиялык принциптер сакталса, менеджерлик жана ак ниеттик сапаттарга басым жасалса эле мамлекет утушка гана ээ болот.
— Аламан жарышта алдыга озгон жаңы, жаш жүздөр жана алардын убадалары канчалык деңгээлде реалдуу болду деп ойлойсуз? Прогрессивдүү делген азыркы жаш талапкерлердин шайлоо алдындагы жүрүштөрү көпчүлүктү ынандыра алдыбы?
— Эми шайлоонун өзү, табияты ошондой да, электоратка убадалар жаайт. Айрымдар айткан убадаларын аткара албай кыжаалат болушу мүмкүн. Шайлоо процессиндеги жалындуу убадалар башка, парламентке келгенде анын аурасы такыр башка, ал эми чоң саясаттын табияты башка дегендей. Жаштар үчүн парламент такшалуунун чоң саясий мектеби экени ырас.
— Элибизде саясий маданият калыптануу жолуна түшкөндүгүн соңку шайлоонун мисалында көрө алдыкпы?
— Саясий маданият – жалпы маданияттын курамдык бөлүгү болуп саналат. Саясий тажрыйбанын, саясий аң-сезимдердин деңгээли, жүрүм-турумдун жана саясий объектилердин функционалдашуусунун, өлкөнүн, класстын, улуттун, саясий топтун, индивиддердин саясий жашоо образынын үлгүлөрүнүн жыйындысы, саясий маданияттын мазмунун түзөт. Саясат таануу илиминде саясий маданият көп түрлөргө бөлүнөт. Мисалы, чыгыштын саясий маданияты, батыштын, либералдык саясий маданият, консервативдик саясий маданият ж.б. Дүйнөнүн бардык эле жерлеринде демократия жемиштүү өнүгүп кете албай келет. Демократия батышта ийкемдүү тамыр жайып, адамзаттык баалуулуктардын борбордук бөлүгүнөн орун ээлеп, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн тирөөчү боло алса, чыгыштын бир катар өлкөлөрү андай ийгиликтерди жарата албай келет. Ал эле эмес батыштын деле айрым элдеринде анчалык сүймөнчүлүк менен кабылданбаган учурлар кездешет. Андан да айрымдар үчүн таңкалыштуусу, Борбор Азия деп аталган бир эле региондогу өлкөлөрдүн саясий өнүгүүсү ар кандай нукта өнүгүүдө. Мында улуттук менталитет, тигил же бул элдин саясий маданияты, саясий аң-сезими чечүүчү күчкө ээ экендигине изилдөөчүлөрдүн көңүлүн бурушу керек. Кыргызстанда болсо муундардын ортосундагы саясий маданиятты, түндүк жана түштүк аймактардагы саясий маданиятты айырмалоого болот. Айрым түпкү теги түштүктөн, шаарда өскөн жаш жигиттердин Бишкек, Чүй, Ысык-Көл аймактарынан Жогорку Кеңешке өтүп келиши коомдун саясий маданиятында жакшы жагына өзгөрүүлөр болуп жатканын далилдейт.
Калыгул Бейшекеев

