"Эркин-Тоо"

Саясий илимдердин кандидаты, доцент, докторант Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ: “Президенттин академияга күтүүсүз барышы туура болду”

Өткөн аптанын соңунда Өлкө башчыбыз Садыр Жапаров Улуттук Илимдер Академиясына пландан тыш барып, андагы кейиштүү абалга кабатырлануу менен бул жаатта алдыда чоң иштерди жүргүзүү зарылчылыгы турганын белгиледи. Президенттин Академияга барган сапары илимий чөйрөдө чоң талкууларды жаратып жатканынан улам биз өлкөдөгү саясий абал, билим-илим жаатындагы мазмундуу ойлору менен бөлүшүп келген саясат таануучу Чолпонбек Медеркуловичти кепке тарттык. 

— Чолпонбек мырза, жакында Президент Садыр Жапаров Улуттук Илимдер Академиясына пландан тыш барып, андагы абал менен таанышып, илимдин очогуна айланган УИАны реформалабаса болбой калганын айтты. Билим кенинин уюткусу бүгүн кандай реформага муктаж деп ойлойсуз?

— Өлкө башчысынын пландан тыш барганын мен да толук колдойм. Бизде “Президент келет” деген кичине эле шыбыш чыкса Академия эле эмес, кай жер болбосун, үзүлүп түшүп, кырынып-жышынып, “кожо көрсүндүк” менен алектенип калган жаман адат бар. Ооба, реформага, жаңыланууга мезгил келди го деп ойлойм. 21-кылымда бары тездик менен өзгөрүп, илим, маалымат технологиялары артынан куусак да жетпей турган темпте жүрүп жатат. Ал эми Улуттук Илимдер Академиясы союз кезиндеги ыргакта иштеп жатат. Бир кезде өлкөнүн туңгуч Президентигине Аскар Акаев дал ушул Улуттук Илимдер Академиясынан барган. Ал киши илимдин өкүлү катары өзү өнүп-өскөн мекемеге кичине эле көз кырын салып койгондо, азыр абал балким башкачараак болмок. Себеби, дал ошол учурларда тыштан пайызы өтө аз насыялар, чоң көлөмдөгү кайтарымсыз гранттар келген. А.Акаев өзү менен кошо аспиранттарын, илимдеги жоон топ досторун Ак үйдүн жетинчи кабатына жана ар кайсы бийлик бутактарына ала кеткен менен УИАнын өнүгүшүнө кичине да кам көргөн эмес. Ал учурда союздан калган байланыш, жалпы иш ыргагынын иннерциясы менен эле илимий уңгу азыктанып, алга жылуулар болуп турмак (далай чыгаан окумуштуулар укмуш идеялары, илимий жактан негизделген долбоорлорун көтөрүп жүрүп өтүп кетишсе, алды чет өлкөгө чыгып кетишти). Иш жүзүндө андай болгон жок да… Тескерисинче, чет жактан келген каражаттар айыл чарбасын талкалоого, ПЕСАК программасы аркылуу ири өнөр жай ишканаларын менчиктештирип, жиликтеп сатып, тоноп түгөтүүгө жумшалган. Кыскасы, академия учурда мазмундук жактан да, формалык жактан да терең реформаларга муктаж. Азыр илимдин астанасын жаңы аттаган аспирант же илимий кызматкер 10 миң сомдун тегерегинде айлык алат. Илимдин кандидаты жетектөөчү илимий кызматкер 16 миң сом, башкы илимий кызматкер 20 миңдин тегерегинде маяна алат. Ушундай маяна чегерип коюп өкмөттүн илимпоздордон ачылыш талап кылганы кайсы логикага жатат? Мындайча айтканда, мындан ары минтип эт менен челдин ортосунда жүрө бергенден көрө “өзүндү да, өкмөттү да алдап” жүрө бериш илимпоз үчүн туура эмес. Прогрессивдүү, креативдүү окумуштуулардын бары өлкөбүздөн четке чыгып кетишкени качан…

— УИА “бир ууч окумуштуулардын жабык клубуна” айланып калганын Президент таамай белгиледи. Бизде 30 жылдан бери кызматтан кеткен чиновниктердин көпчүлүгү илим менен “алпурушумуш болуп”, Илимдер Академиясынан бирден иш бөлмөнү ээлеп алышканын сиз деле көрүп жүрсөңүз керек. Биз ошондой эски чиновниктерден куралган “окумуштуулар” менен илимди өнүктүрө алабызбы? 

— Президенттин айтканында жан бар. Мен жогоруда сөз кылган экс-академиктерде Академияга кайтып келип, бирден иш бөлмөнү ээлеп, аспиранттарын “эрмектеп”, ар кайсы идеяларды “чөп башылап” күн кечирмейди адат кылып алышкандары жетиштүү. Жоон топ академиктердин коомдо бир кездеги “айтылуу акелердей” кадыры жок. Керек болсо өлкөнү ошолор сызга отургузушту. Илим алдыга жылыш үчүн табигий илимдерге башка, так илимдерге башка, техникалык илимдерге такыр башка мамиле, камкордук керек. Аттуу-баштуу илимпоздордун калыстыктан тайып, илимий иштерге көз жумду мамиле кылгандары мени өкүндүрөт. Айрым багыттар боюнча илимдин кандидаттарын “штамтап” чыгарышкандары жашыруун эмес. Маселен, саясат таануудан бир кезде “Арктиканын дүйнөлүк саясаттагы ролу” деген темада докторлук иш корголгон. Арктика каякта? Кыргызстан каякта? Кыргызстан үчүн анын кандай илимий мааниси бар. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары жана коопсуздугу боюнча докторлук иш жазып, 10 жылдан бери жактай албай жүрөм. Чет элдик “Skopus”, “Web of Scaiens” системаларына макала жарыялоо талабы татаал болгондуктан, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары жана коопсуздугу боюнча маалыматтар керек болсо жабык жакталышы керек го деп ойлойм. Демек, коомдук илимдерге талап башка болуш керек. Баса белгилей кетүүчү жагдай, илим тармагын жалпы координациялоо укугуна ээ билим жана илим министрлиги бар. Реформа ошол жакта жүрүш керек. Менин оюмча, орто билим берүү системасынын жүгү, камтуу аймагы кандай (бала бакча, мектептер) эбегейсиз. Орто билим берүү менен жогорку билим берүү жана илим министрлиги өз-өзүнчө бөлүнбөсө дегеле иш жылчудай эмес. Жогорку Аттестациялык комиссия болсо бюрократиялык жолдор менен ансыз да жону жука илимпоздун илим жолун татаалдаштыра берүүнү максат кылган өзүнчө бир “илимдеги монстр мекеме”. Жогорудагы чет элдик системаларга илимий ишти жарыялоо үчүн 700 доллардан 1500 долларга чейин төлөөгө ата мекендик окумуштуунун чөнтөгү жука.

— Академиядагы чаржайыт абалга кейип, реформа кылабыз деген Өлкө башчынын чечкиндүү кадамынан кийин илимге болгон кызыгуу жанданат деп ойлойсузбу?

— Президенттин көңүл буруп жатканы абдан жакшы. Биринчи кезекте ата мекендик илимде институционалдык, мазмундук жана процедуралык маселелерге байланышкан принципиалдуу өзгөрүүлөр, реформалар керек. Ал үчүн чечкиндүү кадамдарга барыш керек. Ошондой кадамдардан кийин бир эки жылда барып илимге кызыгуу жаралат. Статистика боюнча аспирантураны бүткөндөрдүн 20%га жетип-жетпегени эле илимий ишин жактооого чыгып, калганы жок болуп кетип жатат. Мен Акылбек Жапаровдун: “Илим университеттерде өнүгүш керек, батышта ошондой” дегенин бир эмес, бир нече ирет уктум. Мен ушул идеянын Кыргызстандын шартында өнүгүп кетээрине деле ишене бербейм. Себеби, мамлекеттик университеттерде деле абал чеке жылытаарлык эмес. Анын үстүнө ЖОЖдордо илимден да маанилүү билим берүү жана тарбиялоо багыттары бар. Негизги басым ушул экөөнө жасалат да илим экинчи да эмес, үчүнчү планга калып кетет. Муну бөркүңүздөй көрүңүз. Университеттерде декандын илим боюнча орун басарларынын айлыгына 500 сом кошулганы ал жакта абалдын кандай экенин түшүндүрүп турат. Анан ушундай максатта түздөн-түз илим менен алектене турган УИАны жоюп салып, илимдин “чылпагын алам деп, көзүн оюп салышпаса” деп чочуйм. Бир кезде башка жетекчилер эмес, дал Бериянын өзү Курчатов, Королевдорго ж.б. тиешелүү окумуштууларын чакырып, аларга шарт түзүп берип, СССРди ядролук өлкөгө айланткан. Муну мамлекеттик буюртма деп коет. Ошондуктан, Илимдер Академиясына шарт түзүп, конкреттүү багыттар боюнча мамлекеттик буюртмаларды берип, андан соң гана жыйынтыгын сураш керек.

— Буга чейинки бийлик тушунда Академияга тийиштүү бир катар имараттарды бөлүп кетүүгө “көзү кызарган” чиновниктердин бар экени сөз болуп келет. Мындай көрүнүш бүгүн деле актуалдуу экенин тана албайбыз да, туурабы?

— Андай да болушу мүмкүн. Учурда Улуттук Илимдер Академиясына тийиштүү Ботаникалык бакча “борбор калаанын өпкөсү” кызматын аткарат. Академиянын жалпы түзүмдүк 16 мекемеси бар. Бардыгы курулуш магнаттарынын тили менен айтканда 1-линияда, престиждүү жерлерде жайгашкан. Курулуш магнаттары да өлкө жетекчилигин УИАны жойуу чечимине түртүп, анын мүлкүн таламайга алууга көзүн кызартып жатышы толук мүмкүн.

— Бүгүн дүйнөдө техникалык, илимий инновациялык ачылыштар күн санап эмес, саат сайын өнүгүп, барган сайын илим да өөрчүп бараткан чак. Жер жайнаган академик, илимдин докторлору бар туруп, биз эмнеге бир нерсе ачып же жаратканга жарабай койдук?  

— Эми аны бир айтасынбы, эки айтасыңбы, илимдеги дүйнөлүк тенденциялардан караандабай, чаңында калдык. Бир кезде Асмандагы айдын топурагын алып келген айтылуу аппарат Кыргыз СССРинин Илимдер академиясында жасалган. Ага жогоруда мен сөз кылган объективдүү жана субъективдүү себептер жетиштүү. Бирок, айрым бир багыттарда ата мекендик илимпоздордун ийгиликтери болуп деле жатат. Эми велосипед, машина ойлоп табуунун деле зарылчылыгы жок. Болгону айрым биздин дараметибиз жеткен, көзгө көрүнөөрлүк ийгилик жарата ала турган багыттарды жок дегенде мындан ары өнүктүрүп кете алсак болот беле? Бул жагы өзүнчө чоң суроо.

— Академиядагы атайын техникалар менен жабдуулар жаңыртылып, илимпоздордун айлыктары көтөрүлсө эле УИАда иш жакшы жагына ооп кетеби? Же маселе башкадабы?

— Буга чейинки Президенттердин бири да УИАга чындап көңүл буруп, ал жакта абал өзгөрсө экен деп киришти беле? Албетте, жок! Бардык учурда “остаточный принцип” менен “тооко жем чачкандай” каржыланып, “өлбө жаным, өлбө” дегендей абалда өмүр сүрүп келди. Илимпоз, академик Президент өлкөнү 15 жыл башкарса да илимге ошондой мамиледен улам өлкө 30 жылдап очорулуп турду. Эми жабдууларды жаңыртып, каржылоону татыктуу кылып, бардык шарттар түзүлүп, жаңы дем менен иштер башталса жакшы болмок.

 

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№33 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 30-апрели

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!