"Эркин-Тоо"

Саясий ишмер Адил ТУРДУКУЛОВ: “Президент Садыр Жапаров тышкы саясатты көз карандысыз алкакта жүргүзүп жатат”

— Адил мырза, сиз менен ар дайым бийликтин туура эмес кадамдарын шылый чаап, сын маанайындагы “безге тийген” маектерди уюштурчу элем. Бул сапар экөөбүзгө таандык андай “салтты бузуп”, бүгүнкү бийликтин колдоого алчу жүрүштөрү боюнча маектешсек кантет?

— Жакшы болот. Кандай суроолор болсо да жооп берүүгө даярмын. Билесиң го байкеңди?!

— Биз эми жаманды эмес, жакшы жактарды да көрүшүбүз керек го? Кандай дейсиз? Ынанымдуу пикир менен бүгүнкү бийликтин колдоого алчу жагдайларды тизмектеп бере аласызбы?

— 2020-жылдагы жарымжартылай революцияга катышкандар кыска аралыкта тез секирик кылып жиберүүнү күтүшкөн окшойт. Андай болгон жок. Аныгында эки Жапаров тең колунан келгенди жасап жатат. Көмүскө экономиканы ачыктап, аракет кылганын кубатташыбыз керек. Бул жагы сөзсүз саясий эркти талап кылат. Бирок, мамлекетти туш-туштан күтүлбөгөн кризистер каптай баштады. Россияга болгон санкциялар экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Чек ара чатагы чыгып, акчаны ал жакка бурууга мажбур кылууда. Инфляция барган сайын көтөрүлгөнгө жооп кылып, ошол эле нукта айлык, пенсияны жогорулатуу аракеттери жүрүп жатканына күбө болуудабыз. Аны да эл туюп, сезип эле турат. Ошондуктан, Президент менен эсептешүү, ага баа коюу белгиленген шайлоо убагында болот деп ойлойм. Ал эми “мына кетет, эртең кулайт” дегендердин кебине келсек, бул саясий ыкманын бир түрү. “Кризис менен кошо кетирип салабыз” дегендер да жок эмес. Аларды сырттан шыкактагандар да бар. Анткени, Садыр Жапаров салыштырмалуу түрдө тышкы саясатты көз карандысыз алкакта жүргүзүп жатат. Анын бул аракети кээ бир үлкөн өлкөлөргө жага бербейт да.

— Дегеле азыркы бийликтин келечегине кандай көз чаптырасыз?

— Азыр көчө оппозициясы менен катар парламентте да Жапаров-Ташиев тандемине таарынгандар пайда болуп жатканын көрүүдөбүз. Эшиктин артында жакалашканга чейин барышууда. Буга кечээги чек ара маселеси, азыркы Кемпир-Абад жөнүндө талаш да далил. Садыр Жапаров менен Ташиевге келсек, аларга оор жүк артылган. Андыктан, туура иш кылышса кубаттайм, жаңылышса сындайм. Сыртта карап тура бербейм. Биз эми кайдыгер эмеспиз да. Бизде жаман көнүмүш адат болуп калган: бийликти же оппозицияны тандашың керек. Бул түп-тамырынан туура эмес. Кара кылды как жарган калыстыкты карманалы. Дагы деле болсо Садыр Жапаровго ишеним чоң. Түпкүлүгүндө мамлекетти жакшы жагына өзгөртүүгө ниети бардай. Бирок, ал кеч боло электе кошоматчылардан арылып, элди бириктирип баштаса, бардык максаттар ишке ашышына бөркүмдөй ишенем.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№19 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-марты

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!