Саясий портретке сүртүмдөр

Жогорку Кеңешке болгон кезектеги шайлоо мыйзам чегинде адилет, таза өтпөгөнү  мурунку бийликтин Олимптен кулашына, анын ордуна эл ишеним артып, чоң колдоо менен келген Садыр Жапаров башында турган азыркы бийликтин иштеп жатканына бир жол толду. Тагыраагы, саясий талаадагы чоң бурулушка жыл айланып, саресеп салчу кез келип олтурат. Президент Садыр Жапаровдун бийликке келген бир жылдык башкаруу мөөнөтүнө анализ кылуудан мурун, аны Олимпке алып чыккан басып өткөн жолун сөз кылуу туура болсо керек.

Садыр Жапаров чоң саясатка алгачкы кадамын таштагандан бери саясий күрөштүн казанында кайнап келатат. Эгер анын ордунда эрки жок саясатчы болгондо ошол кезде эле баарына кол шилтеп, тескери басып кетмек. Аны кыйын сыноолор, азаптуу күндөр дагы сындыра албады.

2005-жылы февраль айында  Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү болгон. Садыр Жапаров дагы № 71-Түп шайлоо округунан өз талапкерлигин коюп, алгачкы жолу саясий аренага кадам таштайт. 28-февраль шайлоо күнү деп белгиленсе, ошол кездеги Акаевдик бийлик Жапаровдун талапкерлигин 19-февралда шайлоо жарышынан эч кандай себеби жок эле алып салат. Анткени, бийликтин планы боюнча Түптөн Акаевдин балдызы депутат болуп шайланып  келмек. “Эл өкүлү болуп шайланса биздин көйгөйдү көтөрүп чыгат, үнүбүздү бийликке жеткизет” деп үмүт артып жаткан уулун күтүүсүз жерден жарыштан четтетип койгон бийликке нааразы болгон эл түп көтөрүлүп, “Бийлик биздин талабыбызды аткармайынча ордубуздан жылбайбыз” деп Түп-Кеген жолун чычкан өткүс кылып жаап салат. Ошол кездеги элдин чындык үчүн күрөшү Садыр Жапаровдун жүрөгүндө өчпөс болуп сакталып калса керек. Балким, өз уулунун укугун коргоп, адилеттүүлүк үчүн бийлик менен эч нерседен коркпой күрөшкөн миңдеген элдин тайманбастыгы Нургожоевичти эрктүү, күрөшчүл болууга түртүп, дем-күч бергендир. Кыштын суугуна карабай 4 күн бою эч кимди өткөрбөй жол тоскон Жапаровдун тарапташтарынын сүрүнөн корккон бийлик багынууга аргасыз болуп, БШКнын өкүлдөрү “Садыр Жапаровдун талапкерлиги туура эмес алынган… Кайрадан катталды…” деген чечим чыгарышат.  Шайлоонун биринчи турунда Түп округунан Жапаров менен ошол кездеги райондун акими көп добуш алышып, экинчи турда Садыр Жапаров депутат болуп шайланган. Бул анын биринчи жеңиши, чындык үчүн күрөшкөн алгачкы ийгилиги болчу.

Саясатчылардын арасында “Садыр Жапаров Бакиевдин учурунда Комиссар болуп иштеген, ошондо коррупция менен күрөшө алган эмес, кимдер коррупционер экенин көрсөтпөгөн…” деген сөз айтылып жүрөт. Туура, ал Бакиевдин учурунда Коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин Комиссары болуп иштеген, аны эч ким жокко чыгара албайт. Бирок, коррупция менен күрөш өлкөдөгү бийликтин биринчи адамына көз каранды экенин унутпашыбыз керек. Ушул жерден дагы бир окуяга токтоло кетүү ашыкча кылбайт. Жапаров Комиссар болуп иштегенде КТРден “Комиссар эскертет” деген берүү кетип, анда коррупцияга аралашкан сот, прокурор, губернаторлор ачык айтылчу. Муну жалган деп ишенбегендер КТРдин архивин аңтарса, өздөрү күбө болот.

Комиссар болуп иштеп, коррупцияга аралашкан жетекчилерди теле аркылуу элге ачык жарыялап жатканы бийликке жаккан эмес. Балыкчы шаарын таза суу менен камсыздоо үчүн түтүкчөлөргө деп бөлүнгөн 35 млн сомду облустун жетекчилери жеп коюшуп, Ак-Түздөгү уу калдыктарды сактоочу жайдагы түтүкчөлөрдү бекер казышып келип, элге суу чыгарып берүү үчүн колдонушмак болушат. Ушул окуя КТР аркылуу жалпы элге көрсөтүлгөн. Ошондон кийин Садыр Жапаровду ошол кездеги президенттин администрация башчысы, маркум Медет Садыркулов кабинетине чакырып, “Жаштык кылба, сен губернаторлорго тиш сала баштадың, мындай кетишиңде Президентке дагы асыласың го…” деп атырылган учур болгон. Ушул факты эле Жапаров бир дагы бийликке жагалданбай, эл үчүн иштегенинин далили эмеспи.

Рим жазуучусу Плинийдин (кенжеси) “Эл башкара турган адам эл ичинен тандалат, эл алдында сындалат” деп таамай аныктама бергени бар. Садыр Жапаров дагы оор кырдаалда эл ичинде жүрүп, сыноолордон өттү. 2010-жылы Ош, Жалал-Абаддагы улуттар аралык кандуу тополоңдо Жапаров, Ташиев экөөсү биринчилерден болуп кан күйгөн жерге барышкан. Кан төгүлүп, алоолонуп өрт күйүп жаткан Ошко көптөгөн саясатчылар, ал тургай ошол кезде бийлик башына келген лидерлер дагы баруудан коркушкан. Эл үчүн күйгөн азаматтар гана биринчи күндөн баштап ошол жерде жүрүшкөн. Садыр Жапаровдун мекенчилдиги, өз элинин чыныгы патриоту экени Оштогу окуяда ачык көрүнгөн.

2010-жылы “Ата Журт” саясий партиясы бийликке оппозиция болгонуна карабай Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо маарага биринчи болуп келгени да саясий бурулуштардын бири болгонун тарых өз мезгили келгенде тастыктайт. Садыр Жапаров партиянын борбордук штабынын жетекчиси болуп, уюштуруу иштерин өз мойнуна алган болчу. Депутат болуп шайланып келгенден кийин көтөргөн маселелери революциянын шарапаты менен бийликке жеткен Р. Отунбаева, А. Атамбаевге жаккан эмес. Соттук реформа боюнча комитеттин төрагалыгына шайланып, сот системасын реформалоо ишин баштаганда, бийлик болбогон шылтоолорду таап чыгып, комитет төрагалыгынан кетирүү планын ишке ашырат. Андан кийин “Мегаком” маселесин көтөрүп чыккан кезде,  бийлик үчүн келишпес душманга айланат.

“Садыр Жапаров “Кумтөрдү” саясий упай топтоо үчүн гана колдонду” дегендер жок эмес. Чындыгында,  “Кумтөр” маселесин 2005-жылы парламентке биринчи жолу депутат болуп шайланып келген кезинде эле көтөрүп баштаган. Ошол мезгилде Алмазбек Атамбаев менен “Форумда” жолугуп, “Кумтөрдү” толук мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетсек жакшы болот эле деген сунушун айтканда, Атамбаев “Бир эле “Кумтөр” эмес, бүт кен байлыкты мамлекетке алып иштетебиз” деп айтканы бар. Бирок, убакыт өтүп Атамбаев президент болгондо ошол позициясында тура албады.

“Кумтөр” маселеси Садыр Жапаровду чыныгы бышып жетилген саясатчыга айландырды. “Эл байлыгы элге иштеш керек” деген көз караш өз башына оор түйшүктү салды. Бир маселе менен эки жолу күнөөсүз камалды. Темир тордун артында канжалатып кескилеп көрүштү. Бул кыйноо дагы саясатчынын позициясын өзгөртө албады. Ак сүтүн берген апасынан, ак батасын берип, эл уулу кылып тарбиялаган атасынан ажыраса, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек уулун шум ажалга алдырды. Мындай оор сыноо кыргыз саясатчыларынын биринин дагы башына түшкөн эмес. Садыр Жапаров тагдырдын ушундай сыноосун кыйшайбай көтөрүп, президенттер Атамбаев менен Жээнбековдон кечирим сурабай, өзүнүн ак экенине ишенип, чындык бир күнү жеңип чыгарына көзү жетип, ошол мезгилди күтүп олтурду.

Чындыктын күнү чыккан мезгил өткөн жылдын Октябрь окуялары болорун эч бир жан божомолдобосо керек. Ал тургай Садыр Жапаров өзү дагы күтпөгөн чыгар. Чагылгандай тездикте болгон саясий бурулуш кыргыз саясатында Феномен фигураны жаратты. Албетте, ал Феномен – Садыр Жапаров. Элдин, мамлекеттин келечеги деп күнөөсүз камалып олтурган саясатчыны эл өзү абактан бошотуп келип, бийликтин эң чоң тактысына олтургузган окуя эгемендүү кыргыз тарыхында биринчи ирет болду.

Түштүк Африканын өңү кара президенти, легендарлуу Нельсон Мандела ак түстүүлөрдүн басымынан негрлерди куткарам деп 27 жыл түрмөдө олтуруп чыккандан кийин президент болуп шайланган. Саясий күрөштө Менделага легендага айланган улуу ойчул, акыйкаттын символу болгон Махатма Ганди таасир этсе, Садыр Жапаровго Менделанын басып өткөн жолу үлгү болгондой. Анткени, Нельсон Мандела өз элинин жыргалчылыгы үчүн күрөшүүдөн сырткары достукка дагы бекем турган. Ал университетте окуп жүргөн мезгилинде Оливер Тамбо деген менен таанышып, экөө өмүрүнүн акырына чейин шерттешкен дос бойдон калышат. Садыр Жапаров дагы Камчыбек Ташиев менен достукту ыйык тутуп келаткан саясатчылардан. 

Садыр Нургожоевич өлкөнү өтө оор мезгилде өз колуна өткөрүп алуу менен жоопкерчиликти дагы өз мойнуна жүктөдү. Пандемиядан улам “пустой” калган бюджет, элдин бийликке болгон ишеними жоголгон мезгил, башаламандыктан кийин бийлик талашкан саясий топтор… Ким болбосун, мындай шартта жоопкерчиликти керт башына алуу жеңил иш эмес болчу. Садыр Жапаров бийликке жулунгандардын баарына кызмат берип, дараметин сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ач айкырык салгандардын көбү ишти жөндөп кете албай, бат эле жыдыды.

“Кумтөрдө” алтын калбай калды, мамлекетке алуунун пайдасы жок” деген Садыр Жапаровдун Октябрь окуялары мезгилинде айткан сөзүн айрым саясатчылар саясий боёк менен боёп, ар кандай трактовка кылып жүрүшөт. Эгер, өлкөдө ошол мезгилде эле “Кумтөрдү” өзүбүз иштетебиз, мамлекетке алабыз” деген сөз Жапаровдун оозунан чыкканда, эл аралык мафия өлкөдөгү абалды андан нары курчутуп жибербейт эле деп эч ким кепилдик бере алмак эмес. Абал турукташкан соң “алтын мафиясы” менен эсептешүү тактикасы аябагандай туура тандалган. “Кумтөрдү” мамлекетке алып, элдин кызыкчылыгына иштетүү үчүн алгач саясий эрки күчтүү бирдиктүү команда, иштелип чыккан программа керек болчу. Садыр Жапаров ошол нерселердин баарын даярдаган соң, өзү 15 жылдан ашуун көтөрүп жүргөн маселени иш жүзүнө ашырып, “Кумтөрдү” мамлекеттин эсебине алып, эл аралык соттон Кыргыз өлкөсү жер карабай тургандай жолду тапкандай болду. Жапаровдун “Кумтөр” кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштеш керек” деген урааны мамлекеттик идеологиялык айланышы зарыл. Ошондо гана өлкөгө келген инвестор кыргыз мыйзамынын чегинде иш жүргүзүп калмак.

Садыр Жапаровдун бир жыл ичинде жетишкен ийгиликтеринин эң негизгиси катары саясий коррупциялык системаны сындыруусу болду десек жаңылышпайбыз. Буга чейинки президенттер референдум өткөргөндө, өзүлөрү каалаган башкарууну таңуулап келишкен. Бул жолу андай болбоду. Эл өлкөдө кандай башкарууну каалай турганын өзү чечти. Кабыл алынган чечимге ылайык президенттик башкаруудагы Конституция жазылып, жоопкерчилик жеке бир адамга жүктөлдү. Мурун өлкөдөгү окуялар үчүн бир дагы жетекчи жооп бербей келсе, мындан кийин баарына Президент өзү жоопкер болот. Саясий коррупциянын булагына айланган партиялык тизмени жоюп, эл өзү тандаган талапкерге түз добуш берүүсүн камсыздады. Муну дагы чоң жетишкендик катары караганыбыз оң.

Президент болуп шайланып келген адам өзүнөн мурункуларды жамандап, күнөөнүн баарын ошолорго оодара берүү кыргыз саясатында салтка айланып калбады беле. Садыр Жапаров президент болуп келгенден бери ошол жаман салтты жоготту. Бир жылдан бери мурунку президенттердин бирөөсүнүн дагы атын атап, күнөөнү ошол адамга оодарган жок.

“Жапаров кадр саясатында катачылыкка жол берүүдө” деген сындын негизи бар. Иш болгон жерде сөзсүз катачылык кетет. Президент деле пенде, адашат, жаза басат. Бирок, жаңы башкаруу системасынын иштей баштаганына 5 айдын жүзү болгонун эске алганда, бирдиктүү команда толук куралып бүтө элек. Садыр Жапаровдун иштей турган командасы куралуу процессинде. Мындай учурда бир кадр кетип, анын ордуна башкасы келгени мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Эң башкысы Президент эл берген ишенимди, үмүттү актоого милдеттүү. Бул жолу да элдин үмүтү үзүлгөн болсо, бийликке болгон ишенимди кайтаруу жеңилге турбайт. Падыша үчүн өз элинен, Мекенинен кымбат эч нерсе болбойт. Садыр Жапаров үчүн да өзүн кыргыз саясатында Феномен кылып көтөрүп чыккан элинен кымбат эч нерсе жок болсо керек.

Н. Тагаев

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст