Саясий серепчи Марс Сариев: “АКШ Орто Азияда жарандык согуш чыгуусун каалайт”

Марс Осмонкулович, Ооганстанда талибдердин бийлиги орногондон кийин эң алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков гуманитардык жардам жеткизген делегациянын башында туруп, ооган бийлигинин өкүлдөрү менен жолугуп келди. Кыргыз бийлигинин мындай кадамы коомчулук арасында талкуу жаратты. Сиз муну кандай кабыл алдыңыз?

Таалатбек Масадыковду БУУда, Ооганстанда иштегенинен кабардарбыз. Ал талибдерди, андагы абалды жакшы билет. Кыргыз бийлиги туура эле кадам жасады деп ойлойм. Байкасаңар, буга чейин Россия, Кытай, Пакистан, Өзбекстан мамлекеттери талибдер менен байланыш түзүп, гуманитардык жардамдарды жиберишкен. Чындыгында, Ооганстан тараптан Орто Азияга анын ичинен бизге да коркунуч бар. Ооган элинин көпчүлүк бөлүгүн пуштундар түзөт. Бирок, азыркы талибдердин арасында  хазарейлер, өзбектер, тажиктер да бар. Эгер ал жакта жарандык согуш башталып кете турган болсо, абал көзөмөлдөн чыгып кетет. “ИГИЛ”, “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы”, “Ансоруллох жамааты” сыяктуу радикалдуу топтор бар. “Ансоруллох жамааты” талибдерге кирет. Аталган уюмду Тажикстандан качып кеткен оппозиция лидерлери түзүшкөн, алар Ооганстандын Тахар провинциясында жайгашкан. Ал провинция Тажикстан менен чектешип турат. Мына ушул уюмдар Орто Азияда жайгашкан мамлекеттерге кириши мүмкүн. Баткен окуясында 200дөй согушчандар кирип, кандай чаң-тополоң кылышкандары эсибизден кете элек болсо керек.

Бизге чейин кирип келүү коркунучу барбы?

Тажикстанга каршы турган мобилдик террористтик кыймылдар бар. Баткен окуясындагыдай бизге 50-100 адам кирип келе турган болсо, аны токтото албайбыз. Ошол үчүн Ооганстанда согуш эмес, тынччылык болсун. Бийликке келген талибдер мамлекетин алдыга жылдыруу менен гана алек болсо гана. Кытай аларга инфраструктура, тоо-кен тармагын көтөрүүгөжардам беребиз деп жатышат.Өзбекстан да Мазари-Шарифтен Карачиге чейин темир жол салабыз деген максатта турат. Ооганстанга ушундай сунуштар көп. Ал жакта тынччылык болуп, бекем бийлик болсо, анда бизге коркунуч болбойт. Негизинен талибдердин тышка агрессия көрсөтө турган ойлору жок.

Тажикстандын президенти Э. Рахмон талибдер менен мамиле түзүүдөн ачык баш тартты. Кыргыз бийлигинин алар менен байланыш түзгөнү, тажик президентине түйшүк жаратабы?

 Рахмон Таалатбек Масадыковдунталибдерге барып, сүйлөшүү жүргүзгөн иш-аракетине чычалабай койгон жок.Өз бийлигин ойлоп жаткан аны да түшүнсөк болот. Бирок, анын коркунучтуу оюн ойноп жаткандыгы кооптуу болуп турат. Т. Масадыковдун Ооганстанга барышы Москва менен кеңешилип чечилген болушу мүмкүн. Бизден кийин Казакстандын элчиси талибдер менен жолугуп, гуманитардык жардамын берди. Андан мурун Өзбекстан да колдоо көрсөткөн. Ошол үчүн “Кыргыз мамлекетиойлонбостон, акылсыз саясат жасап жатат” деп бүтүм чыгарбашыбыз керек. Бул бүтүндөй тарапты анализдеп, андан соң аныкталган жакшы позиция болду. Себеби, Панджшерде тажиктер менен талибдер согушуп жаткан учурда коркунуч болбой койбойт.Тажикстанданкачып жүргөноппозициялык лидерлер башаламандык баштаса, көзөмөлдөй албай калабыз. Масадыковдун тил табышуу аракети, дегеле Орто Азияда жайгашкан өлкөлөрдүн Ооганстанга кол сунганыбекеринен эмес. Анткени, бул өлкөлөр чатак чыгып кетпесе экен деген ниеттетурушат. Себеби, БУУ жана башка мамлекеттер талибдердин бийлигин тааный элек. БУУ “талибан” кыймылынын террордукуюм деген статусун алып салса, анда башка мамлекеттер дачетинен байланыш түзүп башташмак. Азырынча булстатусу алына элек үчүн мындай байланыштарды “чалгын”деп айтсак болот. Албетте, мындай кол сунуулар туура. Саясатты түшүнбөгөндөр кыргыз бийлигинин бул кадамын сындап, ар кандай пикирлерин айтып жатышат. Бул алар ойлогондой жөнөкөй маселе эмес. Тычтыкты сактоо үчүн ири өлкөлөр менен чогуу сүйлөшүлүп, чечим кабыл алынган болушу мүмкүн.

Тажикстандын айланасындагы окуяларБатыштын оюну деп билсек болот. Себеби, Батышка, АКШга жарандык согуш керек. Орто Азиянын ичине кирип ыдыратып, Кытайга кирип, СиньЦзян уйгур автономдуу районун талкалоону көздөп турушат. Америкалык стратег Манн Стивен мындан отуз жыл мурун ойлоп тапкан “управляемого хаос” деген теориясы бар. Дал ошондой стратегия менен багыт алышы мүмкүн. Ошол үчүн кыргыз бийлиги жөн эле жерден талибдерге кол суна койбогондугун дагы бир жолу белгилеп кетейин.

Демек, канчалык сын айтпайлы бул кадам өлкөбүздүн коопсуздугу үчүнөтө маанилүү болгон экен да…

Туура. Бул кадам бир гана кыргыз мамлекетинин эмес, Орто Азиянын, Россиянын коопсуздугу үчүн да өтө маанилүү. Себеби, бул жакка террористик уюмдар кирипкелсе, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан да талкаланат. Коңулда уктап жаткан террористтик уюмдар көтөрүлөт. Азыр ошол үчүн саясий стратегиялык оюндар жүрүп жатат. Ири мамлекеттерЭмомали Рахмон менен да кандайдыр бир мамилени сактоо менен талибдердин көңүлүн да алышууда. Алар талибдер менен  ачык сүйлөшө алышпайт. Бизге окшогон кичине мамлекеттер байланышка чыгып, мамиле түзүү оюнуна жарап берет.

Өлкөбүздөгү ар кандай диний уюмдар коопсуздугубузга канчалык коркунуч жаратат?

Талибдер Орто Азияга кол салбайт. Бирок, террордук уюмдар кол салышы мүмкүн. Анда биздеги уюмдар да көтөрүлөт. Талибдердин ууруларды колун кесип же асып жазалашы айрым карапайым элге жагып жатат. Элдин ырыскысын ичип- жеген жемкорлорду ислам принцибинин негизинде жазаланышын акыйкат чечим катары кабыл алып жатышат.

Мыйзам иштебей калган өлкөдө, акыйкаттыкты динден издеп калышат эмеспи?

Туптуура. Коррупция менен күрөшүп, ага белчесинен баткандарды тазалабаса, эл ошол жакка бурулуп кетиши толук ыктымал. Батыштын демократиясы бизге эмес, ууруларга гана ылайыктуу экен, колун же башын кессе да акыйкаттуулук болуш керек дегендер арбын. Кыйналып турган эл мындай нерселерге ык коюп кетишет. Бул жактагы саясатчылар да ар кандай оюн кылып кетпейт деп эч ким айта албайт. Коңулда уктап жаткан ар кандай диний кыймылдар кырдаалдын өзгөрүшүн күтүп араң эле турушат. Бул сыяктуу уюмдар Өзбекстанда, Казакстанда да көп. Акыйкатсыздыктан тажап турган элдин жүрөгү ошол жакка бурулуп кетпейби деген коркунуч турат.

Коомчулук арасында Ооганстан менен байланыш түзүүдөн мурун коңшу Тажикстан менен мамилебизди оңдоп, чек арабызды чечишибиз керек эле дегендер да жок эмес. Мындай тынчсыздануу коопсуздуктан улам жаралып жатпайбы…

Бийликтин азыркы жасап жаткан кадамы туура. Себеби, Эмомали  Рахмон бийлигин уулуна өткөрүп берүүнү каалап турат. Тажикстандын ичинде жарандык согуштун кесепетинен эки жүз миң киши каза болгондугун билесиздер. Ал жакта бир улуттун өкүлдөрү сан жагынан басымдуулук кылбагандыктан, бөлүнүп-жарылуу күч алган. Ошондуктан, Э. Рахмон Кыргыз өлкөсү менен Ооганстан тараптан коркунуч келип жатат деген маанай жаратып, элин бириктирүүгө аракет кылууда. Ооганстанда 19 млн тажик улутундагы жаран бар деген маалымат бар.Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Казакстан Түркия менен биригип жатышы алар үчүн кооптуу.Э. Рахмон тажиктер биригип чоң мамлекетти түзөлү деген авантюристтик оюндарды жасап жатат.

Андан көрө талибдер менен мамиле түзүп, Ооганстанды мамлекет катары сактап калуу оң болот. Себеби, ал жакта жарандык согуш башталып кете турган болсо, түндүк Ооганстан менен Тажикстанга жакын Тахар провинциясындагы тажиктер биригип Рахмонго жардам берүүүчүн согушчандар кирип келет. Анда Орто Азиядагы мамлекеттер талкаланат. Ошол үчүн Ооганстандын бүтүндүгүөтө маанилүү. Эгерде андагы улуттар бөлүнүп кете турган болсо, чактак ошондо башталат.Азыр Сирия, Ирак, Ливия эмне болду?! Жүз жылга артка кетишти.

Биз үчүн Тажикстан менен мамилени бекемдөөдөн мурун Ооганстан менен байланыш түзүү зарылбы?

Биз Тажикстан менен сүйлөшүүгөканча аракет кылдык. Президент Садыр Жапаров өзүнүн имиджине карабай канча жолу барды. Бирок, тажик тарап бизди Россия, ЖККУ колдоп жатат деп тайраңдап жатпайбы. Балким, аларды Батыш колдоп жаткандыр.Бул жакта саясий чоң оюн бар. Батыштын ниетиөрт чыгарыш керек. А биздин максатыбызөрттү алдын-алуу.

Президент Садыр Жапаров Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитте ЖККУга мүчө мамлекеттердин бири экинчисине куралдуу кол салган болсо, уюм алкагында чечим кабыл алуу мененыкчам чара көрүүсунушун көтөрдү. Сунуш конкреттүү жана жүйөлүү болгон менен эмне үчүн салкын кабыл алышты?

Алар Президент Садыр Жапаровдун сунушун жакшы түшүнүшкөн менен кулак сыртынан кетиришти. Себеби, бул сунушту кабыл алышса, Э. Рахмон чалкасынан кетет деп кооптонушту. Э. Рахмон болсо чек араны кармап турат. Ал жакта Россиянын 201-двизиясы турат. Мындайча айтканда ага кичине баланын көзүн карагандай мамиле кылып жатышат. Негизинен Президент С. Жапаровдун сунушу көңүлдөн сырт калганы туура эмес. Себеби, ЖККУнун кадыр-баркы түшүп жатат. Ош, Баткен окуяларында көз жумуп койгон. Азербайжан менен Арменияда болгон окуяларга да эч кандай реакция кылган эмес.

Анда ЖККУга мүчө болгондугубуздун пайдасы канчалык? Же сунушубузду укпаса же колдоо көрсөтүп жардам бербесе дегендей…

Сиз туура суроо коюп  жатасыз. Бирок, биз кичине мамлекет болгонубуз үчүн күчүбүз ченелүү. Ошол үчүн ЖККУдан чыгабыз деген маселени көтөрө албайбыз.

Жылдыз Дыйканова

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст