"Эркин-Тоо"
Гезиттер Жаңылыктар

Саят Камшыгер: “Биз бириккенде чоң күчпүз!

Боордош казак элинин белгилүү акыны, котормочу, бир нече поэзия жыйнактарынын автору, Казакстандагы абройлуу “Алаш” адабий сыйлыгынын жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси, адабий ишмер Саят Камшыгер мырза бүгүнкү күндөгү кыргыз-казак адабий алака-катышын жандандырууда алгылыктуу иштерди аткарып келет. Биз жакында Кыргызстанда өткөн Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында акынды маекке чакырдык…

— Саят мырза, бир нече тектеш түрк тилдүү акындардын ырларын казак тилине оодарып, азыркы казак поэзиясын тектеш тилдерге оодартуу менен алек болуп келесиз. Уңгусу окшош тилдердеги чыгармаларды бири бирине оодарууда оорчулук болобу?

— Түрк тилдүү акындардын көптөгөн ырларын өз тилибизге оодарып жүрөм. Айтсак, Азербайжан акыны Сона Валиеванын бир ыр жыйнагын толугу менен казакчага оодарып бүттүм. Ошондой эле татар акыны Ленар Шайыхтын да бир жыйнагын казак тилине оодардым. Кыргыз акыны Атантай Акбаровдун бир ыр жыйнагын азыр иштеп жатам. Андан сырткары, жыйырма кыргыз акынынын ар биринен он ырдан которуп, аларды жыйнап китеп кылып чыгардык. Бул ишти акын  Байтурсын уулу экөөбүз чогуу аткардык. Ал он акынды, мен он акынды котордум. Мындайча айтканда, бир топ арбын иш кылдык. Андан тышкары, кыргыз, өзбек, башкыр, якут, түрк акындарынын ырларын да оодарып жүрөбүз. Түрк тилдүү элдердин адабияты биздин казак окурмандарына жеткиликтүү болушу үчүн ушул иштерди жасап жатам. Бирок котормо ишинде бир топ кыйынчылыктар бар. Себеби кыргызча-казакча, татарча-казакча, якутча-казакча деген сыяктуу тилдер ортосунда сөздүк жок. Ошондуктан, оодарма менен иштеп жаткан учурумда айрым сөздөрдү таппай калып, мисалы, татар, башкыр, кыргыз элиндеги тааныштарыма, досторума чалып сураган күндөрүм да болгон.

— Кыргыз-казак адабиятынын байланышы, эки элдин адабий достугун чыңдоодо алгылыктуу иштерди аткарып жүрөсүз. Ушул иштердин башаты жана келечеги жөнүндө учкай айта кетсеңиз?

— Кыргыз-казак адабий байланыштарын дагы да тереңдетүү үчүн мүмкүн болушунча аракеттенип келе жатабыз. Жана айткандай кыргыз боордоштордун 20 акынынын ырларын казак тилине оодарып, ыр китеп кылып чыгарып, Астанада, Талды-Корганда, Алматыда ал китептердин бет ачарын жасадык. Биздин казактын жыйырма акынынын ырлары кыргыз тилине оодарылып, жыйнак болуп чыгып, Бишкекте бет ачар аземине катышып келдик. Андан сырткары менин эки ыр жыйнагым кыргыз тилинде китеп болуп чыкты. «Сезим сүрөттөрү» аттуу биринчи ыр жыйнагымды Назгүл Осмонова, Алтынай Темирова, Улукбек Омокеевдер оодарса, экинчи «Жүрөгүмдө жылдыз бар» аттуу ыр жыйнагымды акын Атантай Акбаров оодарды. Бул китептердин бет ачар аземи Ошто жана Бишкекте мыкты деңгээлде өттү. Адабий ишмердүүлүктө поэзия менен гана чектелбей, кыргыздын мыкты, илимпоз, таланттуу уулу Кыялбек Акматов экөөбүз биргелешип долбоор түзүп, ал долбоорубуз ишке ашып, казак жазуучуларынын аңгемелери кыргыз тилине оодарылып, «Пандемия дүрбөлөңү» деген аталыш менен ушул жылдын жаз айында китеп болуп чыкты. Андан соң кыргыз жазуучуларынын аңгемелери казакча оодарылып, «Күндүн көзүн көргүм келет» деген аталыш менен Казакстанда китеп болуп чыкты. Эки жыйнактын авторлору эки өлкөгө барып, өз чыгармаларынын бет ачарына катышып, адабий алака-катыш мыкты деңгээлде жанданып калды. Бул долбоорду келечекте дагы улантмакчыбыз. Учурда биздин Төкен Алжантеги, Жэди Шакен улы, Абдилдабек Салыкбай, Даулетбек Байтурсын улы аттуу жазуучуларыбыздын китептери кыргыз тилине оодарылып жатат. Биз буга чейин кыргыз жазуучусу Абдыкерим Муратовдун «Чегемдик кыз» аттуу аңгемелер жыйнагын китеп кылып чыгарганбыз. Эми алдыда Топчугүл Шайдуллаева, Султан Раев, Махабат Саидрахманова аттуу кыргыз жазуучуларынын китептерин казак тилине оодарууну колго алып жатабыз.

— Түрк дүйнөсүндөгү поэзиялык өнөктөштүктү чыңдоодо акындардын ролу кандай болушу керек деп ойлойсуз?

— Түрк дүйнөсүнүн түбү бир. Мына ошол бүтүндүктү сакташ керек. Биз сыяктуу тектеш, тили, дили, салт-санаасы окшош боордош элдер бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, орток маданиятын сактап калбаса, ааламдашуунун шарданында көптөгөн баалуулуктарыбызды жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ал эми бириккенде чоң күчпүз. Боордош элдердин достугун бекемдөөдө маданият ишмерлеринин, акын-жазуучулардын ролу чоң.

— Казакта да, кыргызда дагы “уучубуз куру эмес” дегендей, көптөгөн жаш акындар өсүп келе жатат. Аларга кандай кеңеш бересиз? Акын коомго кандай кызмат кылышы керек?

— Акын коомдун “генератору” болушу керек деп эсептейм. Башкалар акында бар кашкөйлүктөн, чындыктан, акыйкаттан үлгү, ибарат алышы керек. Адатта акын коомго калеми, жалындаган жүрөгү менен кызмат өтөйт, жол көрсөтөт. Жаш акындарга берер кеңешим – көп издениш керек. Аларда мүмкүндүк көп. Алар көп тил билет. Бүгүнкү ааламдашуунун шартында чыгармачылыгын дүйнөгө жайылтуу мүмкүндүгү бар, ошондуктан көп окуп, көп изденип, аракеттенбесе убакыттан утулуп калышат.

— Жеке чыгармачылык иш-аракетиңизге токтолсок, балдарга арналган эмгектериңиз өзгөчө байкалып турат. Азыркы балдар адабиятынын абалына кандай баа бересиз? Бала чагыңызда өзүңүзгө жетпей калган кандай китепти азыркы балдарга жазып бергим келет деп ойлойсуз?

— Мен балдарга арналган чыгармаларды жазганды балдарым кичинекей кезинен баштагам. Алар бала бакчага, андан кийин башталгыч класстарга барганда мугалимдери жаттап келүүгө ар кандай темадагы ырларды беришчү. Кээ бир ырлар түшүнүксүз, уйкаш эмес экенин көрүп, мугалимдеринен суранып, “өзүм жазып берейинби?” десем – “ооба, жакшы болот” дешти. Ошондон тартып балдарыма өзүм ыр жазып берип, жаттатчу болдум. Ошондон кийин балдар адабиятына кызыгып, жазып жүрөм. Менин ырларым 2-класстын жана 3-класстын адабият китептерине кирген. “Ким болом?” деген китебимде балдар үчүн 30 кесип жөнүндө эки сабактан турган ырлар кирген. Ал китеп учурунда абдан ийгиликтүү кабыл алынган. “Улуу дала баатырлары” деген дагы бир китебим да жакшы кабыл алынган. Ар кандай өлкөлөрдөгү китеп жарманкелерине катышып турам. Ал жактардан жакшы китептерди сатып алып, кээ бирлерин которуп же өзүмө окшоштуруп жазып чыгам. Мындай жол менен казактын жеткинчектери, балдары жакшы китеп окуп, өсүшүн каалайм. Ошондой эле “төрт түлүк” жөнүндө – жылкы, уй, кой, төө тууралуу бирден сап ыр жазып, аларды орусчага которттум. Бул ыр китебим Кытайда да басылып чыккан. Ар бир жаныбардын сүрөтүн басканда, өзүнө тиешелүү үн чыгат: жылкы кишенейт, уй мөөрөйт, кой маарайт. Бул – кичинекей балдар үчүн арналган оюндуу китеп.

— Балдар адабияты жөнүндө сөз болуп калды. Сиз бала чагыңызда китеп окудуңуз беле? Адабиятка кызыгууңузга, адабиятты сүйүүңүзгө балалык кездин да тиешеси бар чыгар…

— Балалык кезимде жомок китептерин окуп чоңойдум, төртүнчү, бешинчи класска келгенде адабий китептердеги аңгемелерди окуй баштап, бара-бара классикалык чыгармаларды окууга кириштим. Жюль Вернди, кийин Даниел Дефону окудум. Андан кийин казактын классиктерин окуй баштадым. Көркөм чыгармаларды окууга болгон кызыгуум мени адабиятка жакындатты. Онунчу класста окуп жаткан кезимде күтүүсүздөн бир тууган эжемдин жолдошу, жездем каза болуп калды. Ата-энем мени үйгө жалгыз калтырып, ошол жакка кетип калышты, жездем менен ынак мамилебиз бар эле, аны эми эч качан тирүүлөрдүн арасынан кездештире албасымды билгенде ичимден аябай кайгырдым, ыйлайын десем буулугуп, көзүмдөн жаш чыкпай койду, анан ичимдеги муң өзүнөн-өзү ыр саптарына айланып төгүлө баштады. Баш-аягы жети куплеттей ыр жазып салыптырмын карасам. Ата-энем келгенде ырымды окутсам, алар көзүнө жаш алышып, жакшы жазыпсың дешти. Ошол сөз мага алгачкы чыгармачылык дем берди. Кийин айылыма, мектебиме, апама арнап ырларды жаза баштап, акындык өнөрүм уланып кетти.

— Демек, сиз үчүн поэзия деген тээ балалыгыңыздан башталган өнөр, жан-жолдош, коштоочуңуз деп түшүнсөк туура экен?

— Поэзия – мен үчүн бакыт. Поэзия – мен үчүн сырдаш, жолдош. Жашоомдогу кайгы-кубанычымды, бакытым менен азабымды да, деги эле эч кимге сүйлөп бергим келбеген ички сырларымдын баарын поэзиядан жашырбайм, поэзия менен айтып бере алам. Мен поэзиянын алдында адалмын, өмүрүмдүн эң кыйын шарттарында да поэзияны таштаган жокмун. Алгачкы ыр китебим “Сары гүл” деген ат менен жыйырма эки жашымда чыккан, Казакстан Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алышкан. Китебимдин бет ачарында ошол кездеги Президентибиз Нурсултан Назарбаев менен чогуу болдук. Окурмандардын, калемдештердин, президентибиздин мага болгон ишеними, тапшырмалары жыйырма эки жаштагы мен үчүн зор бакыт, зор эргүүгө жол ачкан. Мен өз келечегимди, коомдук турмуштагы бакытымды, ишмердүүлүгүмдү адабияттан таптым десем болот.

— Акын катары же балким жөн эле адам катары өмүрүңүздө сизди өзгөрткөн бир сөз же окуя болгонбу?

— Үч ай мурун улуу эжем кайтыш болду… Эжем азыркы Абай облусунда жашачу. Ошол күнү эжемдин үйүндө тамактанып олтуруп, бирге сүрөткө да түштүк эле. Эртеси эрте менен бир иштер боюнча Семей калаасында жолукмак болуп, коштошуп, жолго чыккам. Бирок, тилекке каршы, мен Семейге жетерим менен бир сааттан кийин аркамдан кабар келди. Эжем уктап жаткан боюнча ойгонбой көз жуумп кете бериптир… Абдан катуу кайгырып, кайра эжемдин үйүнө бардым. Мурда менин акылыма сыйбаган нерсеге ушул жолу баш ийүүгө аргасыз болуп мүңкүрөп турдум. Аттиң! Көрсө азыр гана бет маңдай олтуруп, баарлашып, даам сызып олтурган адамың сен кайтып келгенче өмүрдөн өтүп кете бериши мүмкүн экен. Ошондуктан биз ар бир жаныбызда жүргөн жакын адамдарыбызды, деги эле адамды баалашыбыз керек экен. Кез келген адамыңды соңку ирет көрүп жаткан болушуң мүмкүн экен, бүгүн көргөн адамыңды экинчи ирет көрбөй калууң мүмкүн экен. Мен мурда эле адамдар менен жакшы мамилени сактачумун. Ошол окуядан соң ар бир адамды акыркы ирет көрүп тургандай аярлап, баалап мамиле жасоону үйрөндүм.

— Кыргыз акындарынын поэзиясынан эмнелерди баалайсыз? Казак-кыргыз поэзиясындагы окшоштуктар жана айырмачылыктар тууралуу… Казак жана кыргыз тилдеринин поэзиядагы үндөштүгү боюнча оюңуз кандай?

— Казак, кыргыз, өзбек поэзиясы учурда абдан күчтүү өнүктү. Поэзиядагы мына ушул күчтү жоготпой, сактап алышыбыз керек. Жаш акындар азыркы деңгээлди мындан ары да жогорулатышы керек деп эсептейм. Казак-кыргыз поэзиясы болсо бири-бири менен өтө жакын. Элдерибиз бири-бири менен жакын болгондуктан ойлонуусу, өмүр-тагдыры, тарыхы да окшош болуп, окшош ырларды да жаратышса керек. Менин байкаганым казакта да, кыргызда да эл-жерге арналган атуулдук ырлар көп. Себеби биз мекендин, эркиндиктин кадырын билген элдерденбиз. Элибиздин эгемендикти эңсеп, бирок жетпеген күндөрү да болгон. Азыр баары жакшы. Эгемендиктин шарданында өлкөлөр өз алдынча өнүгүп жатат. Эми акындарыбыз Ата Мекендин, Эгемендиктин кадырына жетүүгө, аярлоого, тарыхты татыктуу улантууга чакырган күчтүү, мыкты ырларды жаратышы керек. Казак-кыргыз бир туугандыгын сактап калуу үчүн адабият менен маданият мыкты роль ойнойт албетте. Адабий, маданий алака-катышты жылдан-жылга күчөтөбүз. Мисалы, эзелтен кыргыз жөнүндө бирөө жаман айтса казак арачага түшүп, казак жайында бирөө жаман айтса кыргыз агайын арача түшүп, бирин-бири колдоп келген элбиз. Казак менен кыргыздан артык бири-бирине жакын эл жок. Эл эл болуп ушуну түшүнө турган убакыт келди. Албетте, көпчүлүктүн арасынан улуттар аралык кастыкты козутуу максатында тескери сөз таркаткандар да жок эмес, боло келген, сөз дегендин өзү зор күч эмеспи. Ал эми акын-жазуучулар дал ошол сөз менен узанган адамдар болгондуктан, майда-барат кастыкка бөгөт коюп, боордоштукту бекемдеп, адабият аркылуу кызмат өтөөбүз керек.

 — Саят мырза, учурдагы кыргыз элине болгон каалоо-тилегиңизди уксак…

— Кыргызстан акыркы жылдары жаңы дем менен өсүп-өнүгүп келе жатканы ачык байкалууда. Жаштардын билимге умтулуусу, ишкерликтин жанданышы жана маданияттагы, адабияттагы жаңы агымдар кубаныч жаратат. Кыргызстан алдыда дагы чоң ийгиликтерге жетет деп ишенем. Кыргыз элине, кыргыз жаштарына өз тоолорундай бекемдикти, бийиктикти каалайм.

 

Махабат Саидрахманова