“Себат” билим берүү мекемесинин үч мектеби Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин карамагына өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда алардын бири боюнча юридикалык тактоо иштери жүрүүдө.
“Бул мектептерде окуу процесси толук кандуу жана үзгүлтүксүз уланат”, – деди министр.

