Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу сегиз жаштагы кызды коюп кеткенин Патрулдук милиция билдирди.
Кырсык кечээ саат 11:00 чамасында Сергей Лазо көчөсүндөгү №54 мектептин жанында болгон. Кыз ооруканага жетпей каза тапкан.
33 жаштагы Д.А. аттуу жарандын жүк ташуучу унаасы айып короого токтотулуп, кырсык маалымат журналына катталды.