Өзбекстандын Андижан шаарындагы сайдан жансыз денеси табылган келинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөрүлдү. Бул тууралуу Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын башчысы Нурмамат Тогузеков билдирди. Анын айтымында маркум аялдын жолдошу Орусияга барып келип иштеп жүрчү. Селден каза болгон аял базарда соода кылчу. Жубайлардын 7 баласы энесиз калды. Буга чейин Оштогу селге агып кеткен 1985-жылы туулган Б.А. аттуу келиндин сөөгү кечээ, 16-июлда Өзбекстандын куткаруучулары тарабынан Андижан шаарындагы сайдан табылган. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ал 14-июль күнү Ош шаарындагы борбордук базардан селге агып кеткен.