Мадагаскарда селдин жана жер көчкүнүн кесепетинен 10 адам каза болуп, борбор шаары Антананаривуда 12 миң адам үй-жайсыз калышты.
Мындан тышкары дагы 20 аймакта өзгөчө абал жарыяланып, агындылар жана суу түтүктөрү начар абалда болгон шаарларда калкты көчүрүү аракеттери көрүлө баштады. Синоптиктердин маалыматына ылайык, аралда кайрадан нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүү коркунучу бар.