Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн алдынан чет өлкөлүк жаранды издөөгө КДМБнын «Эдельвейс» кошуунунан 5 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Алар чокунун түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүдө издөө иштерин жүргүзүшмөкчү.
Эске салсак, «Семёнов — Тянь-Шанский» чокусуна 14-июлда 34 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдиришкен.