"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Айыл чарба Жаңылыктар

Сербиядан алынган жүзүм көчөттөрү отургузулду

Чүй облусундагы “Жайыл” айыл чарба өндүрүштүк кооперативинде Сербиядан алынып келинген жаңы жүзүм көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Иштер кооперативдин башчысы Алымбаев Нурилдин жетектөөсүндө жүргүзүлүп, “Мустанг Италия”, “Мустанг Гамбург” жана “Виктория” сорттору 1 гектар аянтка отургузулду.

Бул демилге 2025-2029-жылдарга карата жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасынын алкагында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана айыл жергесинде жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2024-жылы жүзүмдүн дүң жыйымы 5990,1 тоннага жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 17,2% өсүү болгон.