Чыгармачыл инсандардын пенде катары кечирген өмүрү окурмандардын бүйүрүн кызытып келген кызыктуу тема экени белгилүү эмеспи. Бул жолу орус элинин эң сүйкүмдүү калемгеринин жеке турмушунан алынган ашыктык баянына кайрылып көрдүк. Есенин чыгаан акын гана эмес, айымдар арасында өтө кадырлуу, жылдыздуу мырза болгону айтылып келет.
Достукка айланган ашыктык
Анна Изрядовнаны көп учурда акындын эң алгачкы жубайы деп эсептеп жүрүшөт. Бирок экөөнүн расмий нике кагазы болгон эмес. Жаштар Сергей Есенин иштеп жаткан Сытиндин басмаканасында таанышкан. Мүнөзү катаал атасынын каршы болгонуна карабастан ал ушу жумушка кирген эле. Экөөнүн узакка созулган достук мамилеси, акырындык менен сүйүүгө айланып кеткен. Ашыктар 1914-жылы Юрий аттуу туңгуч перзенттүү болушкан. Анна акын менен чогуу жашаган кезин мындайча эскерет: “Сергей мен үчүн көп түйшүк тартты. Ооруганымда мени ооруканага жаткырып, үйдөгү жумуштарды жасады. Мен сакайып үйгө келсем, ал ушунчалык тыкан, таза жашап жатыптыр. Идиш-аяк, кийимдер жуулган, пол жылтырата сүрүлгөн, от жагылуу, а тургай түшкү тамакты бышырып, таттуу токоч сатып келип коюптур. Балабызды бапестеп багып жатыптыр” Мындай сонун камкордук кылганына карабай Есенинге үй бүлө күтүү оор жүк болгон. Көп өтпөй ал жубайынын жанынан Петроградга качып кеткен. Бирок өмүрүнүн аягына чейин Анна менен жылуу жана ишенимдүү достук мамиледе калган.
Акындын поэмасынын каарманы…
Изилдөөчүлөрдүн айтымына караганда көп жердин ээси Лидия Кашина менен болгон сүйүү мамилеси “Анна Снегина” поэмасынын жарыкка келишине себеп болгон. Эки жаш ынак болсо да үйлөнгөнгө шашкан эмес. Лидиянын Константиноведеги үйүнө акын ат тезегин кургатпай каттап турган. Сергей Есенин сүйүктүүсүнүн назик, жагымдуу мамилесине жана сүйүүсүнө чоң жакшылык менен жооп берди. Себеби, 1918-жылы жер ээлөөчүлөрдү жек көргөн кыштак адамдары Лидиянын үйүн өрттөө үчүн чогулуп келишет. Аял мындай ырайымсыз кадамдын курмандыгы болуп калаарында, Лидияны Есенин куткарып калган. Ал сыртка чыгып дыйкандар менен сүйлөшүп, аларды өчөгүшкөн ойлорунан кайт кылган. Акындын бүтүндөй Орусияга таанымал акын болгону дыйкандарга күчтүү таасир эткен. Константиноведеги дал ошол үй 1969-жылдан тарта Сергей Есениндин адабий музейине айланып, 1995-жылдан тарта “Анна Снегина” поэмасына арналган музей болуп калды.
Есениндин жүрөгүнүн ханышасы
Зинаида сулууну Есенинди изилдөөчүлөр акындын чыныгы махабаты ушул аялга арналган дешет. Ушул эле пикирди Есениндин башка аялдары дагы ырасташкан. Акындын айымдарынын бири Надежда Вольпин талдап отуруп “анын чыныгы ашыгы Зинаида Райх!” деп кыраакылык менен белгилеген. Ал эми Галина Бениславская дагы мунун чын экенине шек алган эмес. “Есенин Зинаиданы сүйгөндөй башка бир дагы аялды сүйө албашын мен билгем” дейт ал. Райх менен 1917-жылдын жаз мезгилинде табышкан эле. Ал кезде айым Есениндин досу, акын Алексей Ганин менен сүйүү мамилесинде болчу. Жолдо Сергей Зинаидага сунуш кылат. Аял күтүүсүздөн анын сунушуна макулдугун берет. Ашыктар дароо нике кагазын алат дагы, үйлөнүшөт. Бирок эки балалуу болгон соң, түгөйлөр өмүрүнүн аягына чейин өкүнүп өтпөш үчүн ажырашууну чечишкен.
Калемдештердин сүйүүсү
Акын Надежда Вольпин менен Сергей Есенин 1919-жылы “Пегастын кепеси” кафесинен таанышкан. Есенин алгач калемдешинин чыгармачылыгын сүйүп калган дагы, кызды акмалап баштаган. Өзү дагы акынды жакшы көргөнүнө карабай Надежда тагдырын аялы бар адам менен бириктиргиси келген эмес. Арадан үч жыл өткөндөн кийин гана эки ашык бири-бири менен ынак мамиледе боло алган. Есениндин мурунку жана кийинки айымдары сыяктуу эле, Надеждага да акындын оюн-күлкүгө тойбогон, чуулгандуу жашоосу жаккан эмес. Ал эми Сергей болсо барган сайын Надяга кээде гана “жылт” деп көрүнгөнү болбосо, анын жанынан изин тез-тез суутуп турган. Алар 1924-жылга чейин чогуу жашаган. Ажырашкандан кийин Вольпин келечектеги акын, укук коргоочу, математика боюнча логик жана философ Александр Сергеевич Есенин Вольпинди жарык дүйнөгө алып келет. Ал апасындай болуп узак жашап, бакубат өмүр сүрдү.
Америкалык бийчинин ашыктыгы
Америкалык бийчи Айседора Дункан улуу акындын эң белгилүү жубайы болгон. Бийчи Есенинден 18 жаш улуу эле. Алар 1921-жылы шаңдуу салтанатта таанышып, бири-бирин көрөрү менен дароо жактырып калышкан. А кеченин аягына чейин экөөнүн сезими айланасындагыларга белгилүү болгон. Себеби, алар сезимдерин жашырууга күчү жетпей калган эле. Замандаш күбөлөрдүн айтымына караганда диванда отурган Айседора полдо тизелеп анын колун кармап отурган Есениндин башын сылай берген. Экөө көп өтпөй никеге турган. Дункандын Россиядагы карьерасы төмөн кулай баштаганда экөө АКШга бет алышкан. Дал ошол жакта жубайлардын мамилесине жарака түшөт. Есенин “атактуу жылдыздын күйөөсү” гана болуп жашай бергенге даяр эмес болчу. Америка коомунун Есенинге кайдыгерлиги аны депрсессияга түшүргөн. Ошол кезде атактуу бийчи сүйүүсү үчүн кайрадан Россияга келүүгө аргасыз болду. Бирок мурунку кумарлуу сезим кайрадан тирилген жок. Бир нече ай өткөн соң Айседора мекенине биротоло кетүүгө аргасыз болду.
Сергей — Лев Толстойдун күйөө баласы
Улуу жазуучу Лев Толстойдун небереси Софья Толстой — акындын эң акыркы жубайы болгон. Ак сөөктөр коомунда мыкты тарбия алган кыз эрежелерге, тартипке абдан катаал эле. Ал күйөөсүн назик сезим менен жакшы көргөнүнө карабастан анын акындык жашоосун түшүнбөстүк жана жийиркенүү менен кабыл алган. Есенинге турмушка чыкканы жөнүндө “Сергей менен өмүр кечирүү татаал болорун билсем дагы, бул кадамды акыл-эсим менен кабыл алдым” деп туугандарына бир нече жолу катында эскерткен. Бул таң калыштуу никенин себепкери гениалдуу жазуучу Лев Толстой өзү болгон. Анткени, гений жазуучу оттой алоолонгон акынды жаман жүрүм-турумдан, бактысыздыктан сактап калгысы келген. Софья күйөөсүнүн оңолуп кетерине чоң үмүт кылган. Өлөрүнө жакын Сергей Есенин Ленинградга качып келген. А бир нече күндөн кийин анын сөөгү мейманканадагы бөлмөсүнөн табылган.
Жашыруун махабат
“Кимдир бирөөнү ушунчалык жан дили менен сүйгөнгө дагы болот экен ээ. Бул сезим менден жана менин жашоомдон да артык” – деп жазган Галина Бениславска. Аял өмүрүнүн акырына чейин назик, чоктой ысык үмүтсүз сезим менен сүйгөн. Есенин турмушуна жетишпеген мээримди, сүйүүнү дал ушул Галинадан ала алмак эле. Залкар акын каза болгондо анын айымдарынын ичинен күйүтүнө чыдай албаган, жапа чеккен жалгыз аял Галина болгон. Акын өлгөндөн кийин ал анын бейитинде өзүн-өзү атып өлгөн. Өлүм алдында “1926-жылдын 3-декабрында, ушул жерден өзүмдү-өзүм өлтүрдүм. Бул бейитте менин эң кымбат адамым жатат. Бул окуядан кийин дагы канчалаган “иттер” Есениндин арбагына асыларын билем. Бирок ал экөөбүзгө тең эми баары бир!” деген кат жазып калтырган.