Сеулда Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кореянын парламент төрагаларынын алгачкы кеңешмеси жыйынтыкталды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Келечекке багытталган өз ара байланышты өнүктүрүү» аталышындагы биргелешкен декларация кабыл алынды.
Декларациянын алкагында тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды мындан ары жигердүү өнүктүрүүгө макулдашып, энергетика, туризм, инфраструктура, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тоо-кен, санариптештирүү өңдүү багыттарда кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгына токтолушту.
Белгилей кетсек, кийинки кеңешме 2024-жылы Түркмөнстанда өтөрү айтылды.