"Эркин-Тоо"

Шүүдүрүм талаанын ырлары

Жаш акын Гүлүмкан Исаеванын “Сезим сонатасы” китебине адабий сереп
Поэзиянын ушул күнгө чейин так аныктамасы, эрежеси жок. Адабиятчылар, сынчылар, акын-жазуучулар өздөрү да ага ар кайсы убакта, ар кандай аныктама берип келишкен. Ал эми адабият теориясында  поэзия (грекче ποίησις, «чыгармачылык, жаратуу») — жазма ыр түрүндөгү идеалдуу сүрөттөлүштү камтыган адабияттын жанры) деп супсак гана айтылат. Кыргыздын классик акыны Сүйүнбай Эралиев: «Поэзия деген эмне? Буга ар түрдүү жооп берүүгө болор эле. Бирок мен минтип кыскача гана айткым келет, поэзия деген өзүнчө ак сарай, чыккандан тартып батканга чейин жаркып күн тийип, бардык бөлмөлөрүн нурга бөлөп турган. Адамдар ага күнөстөп, эс алуу үчүн жана андан оргуп атылган салкын, тунук булактан кангыча жутуп алып, наздануу үчүн келишет»,-дейт.  “Поэзия-искусствонун эң жогорку түрү”- дейт орустун чыгаан сынчысы Белинский.  Ал адамзаттын тарыхындагы жазуу маданиятынын эң алгачкы атрибуттарынын бири. Ага байыркы монолиттерде, таштарга чегилген руникалык жазууларда сакталып калган поэтикалык ыр саптар, фрагменттер күбө. Поэзия оозеки чыгармачылыктын формасы катары жазуу-сызуунун пайда болушуна өбөлгө болгон. Анткени, эң байыркы ырларды эл жаттап айткан, же ырдашкан. Поэтикалык чыгарманын эң эле алгачкы формасы гимндер, курандар, турмуш, сүйүү тууралуу ырлар болгон. Поэзия адам баласынын жан-дүйнөсү, сезим-туюму, ой-кыялы кандай чексиз болсо ошондой чексиз. Он сегиз миң аалам, космос, асман кандай учу-кыйыры жок түпсүз, табышмактуу болсо дал ошондой чалкып жаткан мейкиндик, сырдуу дүйнө.  Дагестандын атактуу акыны Расул Гамзатовдон “Поэзия деген эмне? Ага сиз кандай баа бересиз?”-деп сурашат. Расул Гамзатов: “Поэзия-бул маанай. Маанай болсо аба-ырайы сыяктуу өзгөрүп турат. Бирде жамгыр жаайт, бирде кар жаайт” деп жооп берген. Расул Гамзатов айткандай жаш акын Гүлүмкан Исаеванын “Сезим сонатасы” деп аталган жаңы китебине кирген ырлар да маанайдын ырлары. Ал ырлар кусалыктын, сагынычтын, таарынуунун, жаңылуунун, сүйүүнүн ырлары.
Жүрөгүңө жүгөн салып койдубу,
Бул турмуштун агынан көп карасы?
Бир үмүттүн элесине кол сунуп,
Сени күттү,
Узак күттү кара кыз.
Келет дешкен күтүүлөрдүн артынан,
Күтүү деле тилек! Теңир кабыл кыл!
Баасы болбойт,
Беделиби, бар чыгар?
Бакыт дешкен мага сенин атыңды.
Сүйүү-адамдагы эң аяр, эң улуу сезим.  “Сезим сонатасы” чылк эле сүйүү тууралуу ырлардан турат. Жаш акындын өзүнүн ырлары да, котормолор да баштан-аяк Сүйүү жөнүндө. Китепти окуп чыккандан кийин авторго “китепти “Сүйүү сонатасы” деп эле атап койсоң туура болмок экен” дедим. Сүйүү адамдын адамдыгын аныктап турган барометр, чен өлчөм. Сүйүүнүн аягы  бактылуу болобу, бактысыз болобу, баары бир сүйгөн адам утат. Азаптын шоруна канчалык малынбасын ал сүйө билгени үчүн бактылуу.  Ал эми акындарга келгенде бул сезим андан бетер жаркырайт. “Акындар сүйүү менен төрөлүп, сүйүү менен жан берет!” деп Шандор Петёфи тегин жерден айткан эмес. Акындын канчалык нукура, таланттуу экендигин анын сүйүү ырларынан билип алса болот. Ушул өңүттөн караганда Гүлүмкан Исаева, албетте, таланттуу акын. Сүйүү, сагыныч, таарыныч, кусалык тууралуу буга чейин жүздөгөн, миңдеген акындар ыр жазып келишкен. Анда жаш акын Гүлүмкан Исаеванын ырлары эмнеси менен окурманды өзүнө тартып, окуган сайын окугуңду келтирип, тамшантып, таң калтырып жатат? Гүлүмкан ошол мурдатан ырдалып келген темаларды өзүнүн жеке  дүйнө кабылдоосу, жүрөк призмасы аркылуу өткөрүп, аны өзүнө гана тиешелүү үн, ыргак, стиль менен ырдайт. Анын ыр саптары  от менен музыкага ширелген. Окурманды кандайдыр бир табышмактуу магия өзүнө тартып турат. Бардык ырларында  Гүлүмкандын мөөрү басылган почерк, ой, өң-түс, маани-мазмун, кайрык, эң башкысы жаңылык, табылга бар. Анын ырларынын бир сыры дал ушунда. Башкырт элинин улуу акыны Мустай Карим жаштарга кайрылып: “Адабиятка келген ар бир жаш муун өз жаңылыгын, табылгасын ала келсин. Аз болсо да өзүнүкү болсун” деп насаат айткан. Ошол  Мустай Карим айткан “аз болсо да өзүнүкү болсун” деген талап Гүлүмкандын ырларында бар. Тилекке жараша аз эмес, көп, көп эмес бүт ырларында бар деп айтсам жаңылышпайм.
Мен аны сагындым, Кудай!
Сагыныч жазылган каттарын,
Көкүрөк өрттөгөн кусасын,
Баладай мүнөзүн сагындым.
Көктөм да зуулдады, күз жакын,
Ай-жылдар алмашып жана да,
Экөөбүз көп каттап жолдорун,
Экөөбүз көрүшпөс калаада.
Мен анын тилегин сагындым,
Кири жок, таптаза тилегин.
Күз жакын үшүтүп койбосун,
Сүйүүгө тобокел жүрөгүн.
Мен аны сагындым, Кудай…
Латвиянын таланттуу, оттуу акыны Ояр Вациетис өзүнүн чыгармачылык өнөрканасы, ыр жазуунун сырлары тууралуу минтип баяндайт: “Күтүүсүз келген ыр саптары нерв сызыктарыма ургулай баштайт. Мен ошол ыр келген учурду колдон учурбай кармап калышым керек. Адам агып жаткан дайрага бир эле учурда эки жолу түшө албаган сыяктуу, эгер мен ошол ыр келген учурду бошко учуруп жиберген болсом, бүттү, ал ыр мага экинчи кайрылып келбейт. Башымды ташка уруп ыйласам да келбейт. Бир жолу мектепке кирип баратканда ыр саптары келип калды. Мен терезеге эле кагазымды жая салып жаза баштадым. Бир убакта окуучулар ызы-чуу түшүп эшикке агылып чыга баштады. Мен танапис болсо керек деп ойлогомун. Көрсө, жер титиреген экен. Мен ыр жазып жатып жердин титирегенин деле байкабай калыпмын. Ал турсун мектептин шыбагы ар кайсы жерден көчүп, жаныма түшкөн экен. Аны деле элес албапмын”. Мына, ыр жазган касиеттүү көз ирмем кандай болот? Ояр Вациетис айткандай Гүлүмкан Исаеванын ырлары да бир дем,  эргүү менен жазылган ырлар. Эриген коргошун агып барып ар кандай формада куюлуп калат. Аны башкача кылып оңдой албайсыз. Ал ырлар граниттей, пирамиданын таштарындай бекем, ажырагыс тутумдаш болуп калат.
Башка бир жашоодо кезиксек,
Кайрадан сен мага ыктасаң.
Түшүмө сен кирсең түбөлүк,
Сен менен көшүлүп уктасам.
Жашоонун шаңына тойбосок,
Шарында ой келди агылсак.
Көзүмүн жашына карабай,
Сагынтсаң,
Сагынсам…
Түш көрсөк августтун таңдарын,
Жылдыздар учканын тиктесек.
Айрылуу торосо анда да,
Кет десем,
Кетпесең…
Башка бир жашоодо кезиксек,
Кайрадан сен мага, мен сага!
Нобель сыйлыгынын лауреаты Иосиф Бродский поэзияга өзүнчө аныктама берет. “Поэзия-акын жана анын “лирикалык мени”. Бардык чыгармалар ушул экөөнүн ортосундагы ой чабыттан жаралат” дейт. Гүлүмкан Исаеванын “лирикалык мени” да сезимтал, ойчул. Гүлүмканда бир эле учурда 18-20 дагы жаш кыздын оттуу, жаштык деми, курч илеби, ошол эле учурда 60-70 жаштагы улуу адамдын токтоо, сабырдуу мүнөзү, тетик акылы бар. Анын ырлары ой менен сезимдин, кыял менен музыканын, сүйүүнүн синтезинен жаралат.
Менден кийин жаным кимге берилет?
Өзүм менен өлөбү же ичимде,
Мен баары бир тагдырыңа ишенбейм,
Бир ишенсем, ишенгемин сүйүүгө,
деген менен түйүп алып түйүнүн,
Бизден кеткен, келбес болуп сүйүүлөр…
Менин устатым, казактын көкжал баатыр акыны Мухтар Шахановго казактын дагы бир таланттуу акыны, Төлөгөн Айбергенов деген устаты минтип айтыптыр:
 Акын болуу оңой дейсиңби карагым,
Оозунда жүрүү сыздаган бардык жаранын.
Ар бир акын өзү жашап жаткан доордун добулбас үнү, добушу, чагылган күзгүсү болуш керек. Ал өз элинин көөнө тарыхын, үрп-адатын, каада-салтын, тарыхын, маданий мурасын  кан-жанына сиңирип, анын эртеңки жарык келечеги үчүн жан күйдүрүп турат. Жаш акын Гүлүмкан Исаеванын “Сезим сонатасы” китебинде дээрлик учурабаган атуулдук, жарандык темадагы ырларды да  жазуу керектигин сөз удулу келгенде айта кетейин. Ырас, ал азыр жаш. Анын жан-дүйнөсүнө лирикалык маанайдагы ырлар алда канча жакын.
Элибиздин залкар, жалындуу  акыны, менин дагы бир устатым Жолон Мамытов менен поэзия тууралуу сүйлөшүп олтурган бир кечте мага минтип айтып берди эле:  “Мен адегенде гипноздук поэзияны ишке ашырмак болдум. Адамдарды жалаң ыр менен дем алдырып, ыр менен жашатам дедим. Жүрө-жүрө бул оюм ишке ашпасын түшүндүм. Ошондо мага бирин-экин сүйүү темасындагы ырларды жазгандан башка да чыгармачылыгыма өзөк, түркүк боло турган философиялык платформа керек экендигин туйдум”.
Жаш акын Гүлүмкан Исаеванын ырларында дал ушул улуу акын Жолон Мамытов айткан философиялык платформанын алгачкы учкундары, жышаандары бар. Жаш акын ыр саптарынын арасына философиялык ой-туюмдарын кылдаттык менен кынаптап кетет. Анан ал ыр такыр башка өңүткө өтүп, көркөмдүк, маани-мазмундук жактан бийик  деңгээлге көтөрүлөт.
Көңүлгө от салып, муз салып,
Кудурет узактан күзөтөт.
Обо Эне адашкан дүйнөдөн,
Кандай жан түз жашап, түз өтөт?
Сагабы?
А сага жол алыс,
Эңсетип жеткирбес. Ашыктык.
Деңизден өтүүгө даай албай,
Канчалар жээкте калышты.
Ар бир акын өзүнүн табиятында, жан-дүйнөсүндө, көрөңгөсүндө болгонун элге берет. Гүлүмкан Исаеванын поэзиясы да, өзү да ыйбалуу, минайым, же лейлектиктердин тили менен айтканда мулайим.  Тоонун кашка тунук булагындай таза, пакиза. Жаш акындын ошол мөлтүр, аруу дүйнөсүн шүүдүрүм талааларга салыштыра берем.  Балким, Гүлүмкан өзү да секелек кыз кезинде туулуп өскөн айылы Бешкенттин шүүдүрүм талааларын кечип чуркап жүргөндүр. Балким,  ал өзүндөгү, ырларындагы нукура тазалыкты, тунуктукту, аруулукту ошол айылындагы мөлтүрөгөн  шүүдүрүм талаалардан, Козу-Баглан дарыясынан алгандыр. Мен да бала кезде Миялынын шүүдүрүм талааларын  далай араладым. Шүүдүрүм адатта катуу жамгыр жааган күндүн эртеси түшөр эле. Асманда бир үзүм булут жок, күн шаңкайып ачык, а чөптөрдө жайнаган майда шүүдүрүмдөр. Олтура калып колум менен кармап алгым келчү, бирок шырп деген дабышка деле мөлт этип тамып кетер эле. Колум менен кармай албагандан кийин тентек жаным жерге жата калып, тилимди соймоңдотуп чыгарып, жок дегенде эриниме тийгизгенге аракет кылчумун. Ох, ошондогу табияттын сулуулугу, тазалыгы. Шүүдүрүмдөрдүн арасында олтурган мөлтүрөгөн Күн баштуу  балалыгым.
Гүлүмкан Исаеванын ырларында ойго, сезимге, жаңы табылгаларга, жаңы салыштырууларга  ширелген курч саптар арбын. Мисалы:
Көңүлү көктөмгө түспөлдөш.
ххх
Жөө барсам да ыйлап Теңирге.
ххх
Дүйнөбүзгө жараат көйнөк кийдикпи.
ххх
Көңүл шаарын тумандатпа ак булут.
ххх
Эркимдин оозу бошойт,
Экинчи сүйбөйм аны.
ххх
Жаш жетип, баш жетпес сезимге.
ххх
Жүрөктүн жүзү күлгөн.
ххх
Кар жаап салды дүйнөмө.
ххх
Жүрөгүңө жүгөн салып койдубу.
ххх
Тилегим боюман чоңураак.
ххх
Теше тиктейт көзүң дүйнөнү,
Карыздарбы сага бу турмуш.
ххх
Бакытың өзүңө буюрсун,
Ал эми мага эмес, мага жат!
ххх
Түш көрсөк августтун таңдарын,
Жылдыздар учканын тиктесек.
Гүлүмкан Исаеванын  жаш акындардын узакка созулуп кетчү “балалык оорусунан” алда канча эрте арылганын байкоого болот. Ал ырдын техникасын, түзүлүшүн, формасын, муун өлчөмдөрүн небак эле эң сонун өздөштүрүп алган. Ал үчүн ырдын  уйкаштыгы анча деле маанилүү эмес. Эгер кааласа саптарды жипке тизген мончоктой тизип да кое алат. Бирок, антпейт. Жаш акын үчүн ырдын табигыйлыгы, өзүнчөлүгү,  ички үндөштүгү, сөздөрдүн, үндөрдүн, боектордун гармониясы алда канча маанилүү.  Ал өз оюн жеткиликтүү чагылдыруу үчүн көбүнесе 8-9 муундагы кыска, нуска ыр өлчөмүн колдонот. Менимче, ырда ой, от, сезим, тагдыр, музыка, сүрөт болуш керек. Гүлүмкандын ырларында ушул алты элементтин бардыгы бар.
Котормочулук-чоң өнөр. Гүлүмкандын жаш кезинен тартып ыр жазуу менен бирге котормочулукту да эриш-аркак алып келаткандыгы кубандырат. Анын котормолору  өзүнүн ырларындай эле жандуу, элестүү, ойлорго, жаңы салыштырууларга, табылгаларга, образдарга бай. Анткени жаш акын которуп жаткан ырларга өзүнүн да ошол кездеги көңүл маанайын, ой-кыялын чебер кошо билет. Анан ал ырлар котормобу, же Гүлүмкандын өзүнүн ырыбы, ажыратып биле албай каласыз. Орустун атактуу акыны Борис Пастернак  котормону өз алдынча көркөм чыгарма катары кароо керек деп эсептеген.  Он сегизинчи кылымда жашаган улуу орус акыны  Василий Жуковский  „Переводчик в прозе — раб, переводчик в стихах — соперник.“ деп бекеринен айтпаса керек. Гүлүмкан да дүйнөлүк поэзиянын көзүрлөрү Назым Хикмет менен Генрих Гейнеге  атаандаш, теңата  болгусу келет. Ал Назым Хикметти түп нускасынан, түркчөдөн түз которот. Анын  “Таарынуу” деген ырын Гүлүмкандын котормосунда окуп көрөлү:
Билесиңби таарынуу не?
Таарынуу-бул чынчылдык,
Балалык.
Жалганы жок тазалык!
Таарынуу бул-“Сени сүйөм”,
“Баш тартпадым”-дегендик.
Таарынуу-наз,
Сени жакын көргөндүк,
Мен да сагы таарындым!..
Таарынганым ачуум дагы,
Кечирүүм.
Кете албаган чечимим.
Өзүң түшүн мага кымбатсың
Баарынан.
Мен да сага таарынгам…
Гүлүмкан ошондой эле коңшу өзбек элинин таланттуу акындары  Усман Азим, Башорат Отажонова, Гүлжамол Аскарова, Ирода Рахмоналиева, Гузал Рузиева, Салим Ашурдун ырларын бабына келтире которгон.
Акыркы жылдары жаштар поэзиясында, айрыкча кыздар поэзиясында  жаңы табылгалары менен кубандырган  жаңы, күчтүү толкун пайда болду. Алардын чыгармаларынан  Нобель сыйлыгынын лауреаты, чили акыны Габриела Мистральдын, орус адабиятынан Анна Ахматова, Марина Цветаева, Белла Ахмадулина, кыргыз адабиятынан Сагын Акматбековалардын таасири, мектеби байкалып турат. Бирок, алар ошол таасирдин туткунунда калбай  өз жолун таап, өз арыгын чаап кеткен жаш акындар. Ошондой таланттуу акын кыздарыбыздын бири Гүлүмкан Исаева. Кыргызстан эгемендикке ээ болгон акыркы 35 жыл  аралыгындагы жаштар поэзиясынын өсүп-өнүү тенденциясындагы үч этапты атайын бөлүп көрсөткүм келет. Анын биринчи этабы таланттуу акын кызыбыз Нарсулуу Гургубайдын “Алыстагы ак жарык” ( 2016-ж.) китеби, экинчи этабы Нуриза Өмүрбаеванын “Бейтааныш бекет” (2023-ж.) китеби. Ал эми үчүнчү этабы Гүлүмкан Исаеванын 2024-жылы чыккан “Сезим сонатасы” китеби. Ушул үч акын азыркы кыргыз поэзиясындагы жаштар чыгармачылыгынын жаңычыл илебин, изденүү табылгаларын, өсүү деңгээлин аныктап турат.
Жаштарды талантына карап Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алыш керек. Гүлүмкан Исаеванын “Жан жарык”, жана “Сезим сонатасы” аттуу эки ырлар жыйнагы жарык көрдү. Демек, ал уюмга мүчө болууга толук татыктуу. Мен ушул макала аркылуу Гүлүмкан Исаеваны Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алууну сунуштайм жана союздун төрагасы Каныбек Капашовичке расмий түрдө кайрылып, жакында, апрель айында өтүүчү жыйында жаш акынды  уюткулуу кыргыз жазуучуларынын катарына кабыл алууну өтүнөм. Жаш акын Гүлүмкан Исаеванын келечекте кыргыз адабиятынын эң беделдүү, жаңычыл, таланттуу өкүлү болоруна ишенем . Ал тууралуу жаш акын өзү да бир ырында олуялык менен:
Ким билсин жакшы акын келатат,
Теңири бешигин термеген,-
деп ырдайт. Ылайым эле ошондой болсун!
  Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ,   Акын, Жолон Мамытов жана Курбаналы Сабыров  атындагы сыйлыктардын лауреаты.
Пример HTML-страницы