"Эркин-Тоо"

Шаарда “перехват” планы жарыяланды

 Ички иштер министрлиги Бишкектин борборундагы каракчылык фактысын иликтөөнү көзөмөлгө алды. Кечээ  Чокморов көчөсүндө 2 жаранга кол салуу болгон. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Маалым болгондой, төрт белгисиз адам физикалык күч колдонуу менен акча алмаштыруу жайынан чыгып бараткан М.А аттуу жарандын ири суммадагы акча каражатын алып кетишкен.

Аталган факты боюнча иликтөө иштери Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, бардык тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!