Кыргызстандык жаш шахматчы Эдиса Бердибаева окуучу командалар арасындагы дүйнө чемпионатында зор ийгиликке жетишип, жекече эсепте чемпион болду. Эл аралык турнирдин акыркы турунда Бердибаева үчүнчү тактада 8 оюндан 8 упай алып, 100% натыйжа көрсөткөн жалгыз шахматчы кыз катары таанылды.
Бул көрсөткүч менен ал дүйнөлүк деңгээлдеги 250дөн ашуун шахматчынын арасынан мыкты деп табылды.

Эдиса Бердибаева тууралуу:
-
♟ Кыз-келиндер арасында спорт чеберлигине талапкер;
-
♟ Кыргызстандын 18 жана 20 жашка чейинки кыздар арасындагы 2021 жана 2023-жылдардагы чемпиону;
-
♟ 2024-жылы 14 жашка чейинкилер арасында Борбор Азиянын вице-чемпиону;
-
♟ 2022-жылы Азербайжанда өткөн 16 жашка чейинки жаштар олимпиадалык курама командасынын мүчөсү;
-
♟ 2020-жылдан бери Кыргызстандын шахмат чемпионаттарында көп жолу байгелүү орундарга ээ болгон;
-
♟ Эл аралык опен турнирлерде жана континенталдык командалык мелдештерде бир нече жолу ийгиликтүү оюн көрсөткөн.

