"Эркин-Тоо"
Саясат

Шайлоо 11-июлга белгиленди

Президент Садыр Жапаров «Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу БШК маалымдады. Борбордук шайлоо комиссиясынын календардык планына ылайык, шайлоого катыша турган партиялар 13-июнга чейин аймактык шайлоо комиссиясына документтерин тапшырышат.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү 20-июнда башталып, 10-июлда аяктайт. Партиялардын тийиштүү документтери 13-июнга чейин кабыл алынат.