Ушул аптада мамлекет башысынын сайтына «КРнын Президентинин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору коомчулуктун сынына коюлду. Жакында бул документ Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталып, эгер ал парламенттен колдоо тапса, кийинки шайлоо дал ушул мыйзамдын негизинде өтөт. Шайлоо мыйзамдарына кандай өзгөртүүлөр сунушталууда? Бул тууралуу аталган документти даярдаган жумушчу топтун өкүлү, БШКнын төрайымын орун басары Абдыжапар Бегматов айтып берди.
Аралаш система
Конституциялык Мыйзамдын долбоору 2021-жылдын 11-апрелинде референдум менен кабыл алынган КРнын Конституциясын аткаруу жана КРнын шайлоо мыйзамдарын андан ары өркүндөтүү максатында иштелип чыкты.
Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин 90 депутатын – аралаш (жарыш) тутум боюнча шайлоо үчүн жаңы шайлоо тутумун киргизүү сунуш кылынат:
35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында можаритардык тутум боюнча шайланат;
55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча (партиялык тизмелер боюнча) пропорционалдык тутум боюнча шайланат.
Бир мандаттуу округдар бир шайлоо округунда 100 миң шайлоочу эсебинде түзүлөт. Мында оптималдаштырылган шайлоо аймактарын түзүү максатында калктуу конуштардын жайгашууларынын жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, бул цифрадан 15 %дык четтөө мүмкүнчүлүгүн алдын-ала караштыруу керек.
Депутаттыкка талапкер саясий партия тарабынан же болбосо өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен барат. Бир мандаттуу округда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын салыштырмалуу көпчүлүк добушун алган талапкер шайланган болуп эсептелет. Депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жаңы шайлоо өткөрүлөт. Бир мандаттуу округ боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкер бир эле убакта бирдиктүү округ боюнча саясий партия көрсөткөн талапкерлердин тизмесинде турушу мүмкүн эмес.
Пропорционалдык тутум боюнча шайлануучу 55 депутат, саясий партиянын съездинде бекитилген тизмеде турган талапкерлердин ичинен, 3 %дык босогодон өткөн саясий партия тарабынан аныкталат. Аялдар үчүн 30 %дык квота БШКдагы талапкерлердин тизмесин каттоодо эле эмес, мандаттарды бөлүштүрүүдө дагы сакталат. Депутаттык мандаттар биринчи кезекте алардын арасындагы өзүнчө рейтинг боюнча башка жыныстагы талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлүүсү тийиш. Мындан тышкары, тизмелерди түзүүдө ошондой эле этностук азчылыктардын, жаштардын жана ДМЧА өкүлдөрү үчүн дагы квоталар сакталат.
Саясий кызматкерлерге 2 тизгин бир чылбыр берилбейт
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы бир жаңы өзгөчөлүк: саясий кызматтагы адам депутаттыкка талапкерлер катары көрсөтүлгөн учурдан тартып кызматтык ыйгарым укуктарын токтотуусу каралган. Башкача айтканда, мурдагыдай кызматтагы адамдар шайлоо учурунда ишинен убактылуу кетип, шайлоого катышып өтүп кетсе депутат, өтпөй калса кайра мурунку кызматына барып иштей бере тургандай мүмкүнчүлүктөр алынып салынган. Бул норма атка минээрлердин административдик ресурстарды өз кызыкчылыгына пайдалануусуна бөгөт коет.
Кварталдык, үй комитеттеринин башчылары үгүт жүргүзө албайт
Буга чейин шайлоого катышкан саясий партиялар жана талапкерлер кварталдык жана үй комиттеринин башчыларын үгүт иштерине тартып, анын натыйжасында добуш сатып алуу фактылары да катталган учурлар болгон. Бул көрүнүштөр коомчулукта бир катар негативдүү пикирлерди жараткан. Биз ушундай терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында үй жана кварталдык комитеттердин башчыларына үгүт иштерине катышууга тыюу салууну сунуштадык.
Мектеп, бала – бакча, мечиттердин жанында үгүт иши жүрбөйт
Ибадат кылуу имараттарына, курулмаларына жана аларга тиешелүү аймактарга, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттерге, электр станцияларга, темир жолдорго, мунай куюучу жайлардын жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларына, пенитенциардык тутумдун объектерине, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдарына жакын жерлерде (аралыгы 100 метрден кем болгон) үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт. Иш-чараларды өткөрүүдө, үгүттүк материалдарда тикелей жана кыйыр өздөштүрүп алынган маалыматтык бөлүктөрдү жана элементтерди (сүрөттөлүштөрдү) көрсөтүүгө же башкача пайдаланууга, диний тематикага шилтеме жасоого жол берилбейт.
Күрөө өлчөмү кандай болот?
Өткөн жылдын октябрындагы окуялардан кийин, шайлоого катышам деген саясий партиялардын күрөө өлчөмү 5 млн сомдон 1 млн сомго төмөндөтүлгөн. Бул сумма ошол боюнча калат. Ал эми можаритардык система боюнча шайлоого катышам деген талапкерлер 100 миң сом өлчөмүндөгү сумманы күрөөгө койсо болот.
Альбина МЕТЕРОВА