Кыргызстанда көптөгөн компаниялар кендерди иштешип жатышат. Бирок аларды көзөмөлдөгөн эч ким жок. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайллобек Атазов бугун, 10 -июнда парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.
“Кумтөрдөн кем калбаган Ала-Бука, Чаткал, Алай аймактарында көптөгөн кен жайлары иштеп жатат. Алар эч көзөмөлдөнгөн жок. Эгер алардын баары мамлекеттин пайдасына иштетилгенде өлкөбүз өнүкмөк. Ошондуктан, кен казып жаткан компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгуу зарыл”, – деген оюн билдирди депутат.