"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Шайлоочулардын саны 1 млндон ашты

30-ноябрь күнү саат 16:00гө карата алынган маалыматка ылайык, добуш бергендердин саны 1 млн 73 миң 444кө жетти. Бул көрсөткүч 25%ды түзөт.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров эң көп добуш берген жана эң аз добуш берген округдар тууралуу айтып өттү. Алсак, №1, №10, №13, №30 шайлоо округдарында шайлоочулардын катышуусу 30 пайыздан жогору. Ал эми Аламүдүн округу жана Бишкек шаарындагы 4 округда (Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов) көрсөткүч 20 пайыздан төмөн болууда.

Эске салсак, 2021-жылы саат 16:00гө карата 813 миң 176 жаран добуш берген.