"Эркин-Тоо"
Шайлоо-2021

Шайлоочулардын саны 97 219 адамга көбөйдү

Кыргызстанда шайлоочулардын саны бүгүнкү күндө 3 миллион 703 миң 420 жаранга жетти, анын ичинен 84 128 жаран чет өлкөдөн добуш берет. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелде өткөн жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумда шайлоочулардын жалпы саны 3 606 201ди түзсө, бүгүнкү күнгө дагы 97 219 шайлоочуга көбөйгөн. Бул тууралуу бардык маалыматтар «Тизме» мамлекеттик порталына жайгаштырылды.

Парламенттик шайлоого карата жалпы 2 494 шайлоо участогу түзүлгөн болсо, анын ичинен 59 шайлоо тилкеси чет өлкөлөрдө ачылды.

Жарандар шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоо үчүн 1255 же 119 номерине телефон чалып, же tizme.gov.kg сайтынан билсе болот. 119 номерине чалуу жана СМС жөнөтүү акысыз негизде жүргүзүлөт.