"Эркин-Тоо"
Шайлоо-2021

Шайлоочулардын тизмеси такталды

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоодо добуш бере турган шайлоочулардын тизмесин тактоо 12-ноябрда аяктаганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. 29-октябрда tizme.gov.kg порталына жарыяланган маалыматка караганда, бир мандаттуу округдарда 3 миллион 621 миң 751 шайлоочу катталган. Жалпы өлкө боюнча бир округда 3 миллион 699 миң 46 шайлоочу бар. Добуш берүүчүлөрдүн акыркы — даяр тизмеси 18-ноябрда “Тизме” порталына чыгат,-делет маалыматта.