"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Шайлоодо 4 миллиондон ашык жаран добуш берүү укугуна ээ

БШК 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна карата шайлоочулардын такталган тизмесин жарыялады. Ага ылайык, өлкө боюнча 4 млн 294 миң 243 жаран добуш берүү укугуна ээ.

Алардын ичинен:

  • Эркектер — 48,47% (2 081 514 жаран);

  • Аялдар — 51,52% (2 212 729 жаран).

Шайлоочулар өздөрүн тизмеден төмөнкүлөр аркылуу текшере алышат:

  • 1255 жана 119 номурлар
  • Өз шайлоо тилкесинен
  • tizme.gov.kg сайты
  • ПИН-кодду 119 номурга акысыз СМС менен жөнөтүү

Маалымат Мамлекеттик каттоо кызматынын базасынын негизинде түзүлүп, шайлоочулардын тизмеси 25-ноябрга чейин 2492 шайлоо тилкесине илинет.