"Эркин-Тоо"

Шайлоого 39 партия аттанды

Кыргызстандагы 33 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин 39 партия тапшырды. Бул тууралуу БШК билдирди.  Маалыматка караганда, 993 мандатка 5 миңден ашуун талапкер туура келүүдө. Эң көп, тагыраагы, 9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргондо катышууда. Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчы шаарларында 8 партия шайланышы күтүлүп жатат. Айдаркен, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларында 3 партия катышууда. Ал эми башка шаарларда 4төн 8ге чейин саясий партиялардын өкүлдөрү бар. Эрежеге ылайык 10 күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибин текшерип, каттоо же баш тартуу боюнча чечим чыгармакчы.