"Эркин-Тоо"

Шайлоолордо үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков президенттик жана парламенттик шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартууну сунуштоодо. «КР Президентин жана  Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга жарыяланды.

Депутат  үгүтчүлөрдүн көп болушу ашыкча үгүт жүргүзүүгө жана талапкерлердин теңсиз абалын аныктоого шарт түзүшү мүмкүн жана алардын санын кыскартуу шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт деп эсептейт.

«Үгүтчүлөрдүн санын акылга сыярлык деңгээлге чейин азайтуу шайлоо процессин тартипке келтирүүгө, аны ачык-айкын кылууга, ошондой эле шайлоо мезгилиндеги финансылык жана уюштуруучулук кыянаттыктардын тобокелдигин азайтууга жардам берет. Аз агитаторлор шайлоо процессин ачык-айкын жана башкарылуучу кылууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге алардын санын азайтуу саясий партияларга жана бир мандаттуу округдардан талапкерлерге финансылык оорчулукту азайтууга жардам берет, бул чектелген ресурстар шартында турган Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн маанилүү», — деп белгилейт демилгечи.

Эске салсак, азыркы учурда колдонуудагы мыйзамга ылайык, саясий партиялар шайлоо алдындагы мезгилде 10 миңге чейин үгүтчүлөрдү, ал эми бир мандаттуу округдардан талапкерлер 500гө чейин үгүтчүлөрдү пайдаланууга укуктуу.