"Эркин-Тоо"

Шакиевдин демилгеси… же орунсуз опуза ойлор

Жаңы жылдын алдында Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Шакиев жана депутаттар Мирлан Самыйкожо, Аманкан Кенжебаев демилгелеген «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Үй-бүлө кодексине, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга)» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылганы маалым. Мыйзам долбоорунда фамилияларды жана атасынын аттарын жазууда эркек жынысындагы балдар үчүн «уулу» деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн «кызы», же жалпы эле “теги” деген сөздү колдонуу сунушталган. Менимче, мыйзамда эч кимди зордоп аты-жөнүн өзгөртүү каралган эмес. Ошол эле учурда, Жогорку Кеңештин төрагасы жаңы жылдан кийин аты-жөнүн “Нурланбек Тургунбек уулу” деп өзгөртөмүн” деген ачык позициясын билдирген күндөн орус туугандардын “Независимая газета” басылмасы аркылуу “төө бастыга” алына баштады. “Фамилиясын Нурлан Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү убада кылган спикер Нурланбек Шакиев орус тилинин таасирин чектөө багытын улантып, буга чейин Парламентте орусча сүйлөөгө, орус тилинде мультфильмдерди көрсөтүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрүп чыккан (которгон – ШК)” деген маалыматты таратты. Кыскасы депутаттардын фамилиядагы “-ов”дон баш тартуу демилгеси орустардын кучунашын карматып, жер тепкилеп чыгышты. Орус аналитиктеринин бутасына эмнегедир спикер Нурланбек Шакиев илинип, “анын мыйзам чыгаруу демилгелеринин арасында 1918–1953-жылдардагы саясий жана диний репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо, туу менен гимнди өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар бар. Ал ошондой эле британ системасы боюнча мектепте 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнү демилгелеген (которгон – ШК.)” деп эл өкүлүнүн ишмердүүлүгүнө чейин кийлигишкени таң калтырбай койбойт. Аталган басылмага оюн билдирген Игорь Шестаков, (кыргыз жараны болсо керек) аталган мыйзам долбоору, таза саясий максаттарды көздөгөнүн, бул мыйзамдын актуалдуулугу Бишкектин экологиялык көйгөйлөрүнүн жана электр энергиясынын өчүрүлүшүнүн олуттуулугунан кыйла төмөн деп белгилейт. Кыргыз тилинен экологиялык маселе жогору турушу керек экен алардын оюнда. Империалисттик көз караш эмеспи, бул?

Ал эми Казакстанда туулуп өскөн тарых илимдеринин доктору, этноулуттук стратегиялар агенттигинин директору Александр Кобринский, Шакиевдин иш-аракеттери орусфобиянын өсүшүнө түрткү берип, бул тышкы күчтөрдүн, атап айтканда Улуу Британиянын кызыкчылыктарын жактап жаткандан кабар берет деген таризде гезитке пикирин билдирип, «Шакиев орус тилин чектөө саясатын ырааттуу жүргүзүп, маселен, Парламентте кыргыз тилинде сүйлөөнү милдеттүү түрдө киргизип, өлкөнүн кош тилдүү статусуна карабай орус тилиндеги иш кагаздардын агымын чектөө саясатын жүргүзүп келет. Мунун баары саясат «орус дүйнөсүнө» каршы күрөштүн концепциясына так туура келет (которгон – ШК)” дейт. Орус тили Кыргызстанда расмий тил катары Конституцияда так-даана жазылып турганына карабастан, кайдагы «орус дүйнөсүнө» каршы күрөштүн концепциясын” таап алышканы акылга сыйбайт.

Эмне үчүн кыргыз тилин өнүктүрүү маселеси жөнүндө сөз болгондо эле Россия тараптын депутаттарынын, саясатчыларынын опуза ойлору жарала берет?

Маселен өткөн жылдары Парламентте баш калаабыз Бишкектеги төрт райондун аталышын өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндө, мында да Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары баш, орус басылмалары төш болуп, “Украинада да ушинтип башталган, токтотуш керек”, “Орус тилине кысым болуп жатат” деп “хай-вай” чыгарышкан. Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Дмитрий Новиков, “өтө олуттуу терс процесстер көбүнчө мындай майда-чүйдө нерселерден башталат, аларды эң эрте этапта токтоткон жакшы” деп эскертсе, аны колдогон орусиялык депутат Светлана Журова, ал советтик ысымдарды алып салуу «орус тилин акыры толугу менен жоюуга карай жасалган биринчи кичинекей кадам» дегени али эсибизде. Бишкек — Ленин району баш болгон райондордун советтик аталыштары сакталып калган КМШнын алкагындагы жалгыз борбор болсо керек эле. Ал эми Россия эбак эле советтик аталыштардан баш тарткан. Учурунда экинчи борбор шаары Ленинградды Санкт-Петербург, өнөр жайынын борбору болгон Свердлов шаарын Екатеринбург деп өзгөртүп койбоду беле. Мындай мисалдар Россиянын аймагында толтура. А эмне үчүн Бишкектеги Ленин, Свердлов райондорунун атын биз өзгөртө албайбыз?

Өткөн жылы Жогорку Кеңеш “Кыргыз тили жөнүндө” мыйзамды кабыл алып, ага Президент Садыр Жапаров кол койгон. Мында да Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров мырза, аталган мыйзам “демократиялуу болбой калды” деп “кагазга оролгон” эскертүүсүн айткан жайы бар. Бирок, мыйзамда кыргыз тилин билбегендерди эшикке сүйрөп чыгара турган беренелер жок экенин эмнегедир айтышпайт.

Туура, Россия Кыргызстан үчүн
стратегиялык жактан өтө маанилүү өнөктөш өлкө. Орус тилин, ал тургай Лениндин эстелигин жок кылуу азыркы кыргыз коомчулугунун деги эле оюнда жок десем жаңылышпаймын. Анткен менен орус тилин жайылтууга эң оболу Мамлекеттик Дума кызыкдар болушу керекпи дейм. Маселен, Россиянын Президенти орус тилин жакшы билбеген же ата-энеси Орусия Федерациясында мыйзамсыз жүргөн мигранттардын балдарын бала бакчага жана мектепке кабыл алууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 1-апрелинен күчүнө кирет экен. Ошондой эле мигранттардын балдары орус тилин билбесе мектепке кире албайт деген талап бар. Миграциялык коопсуздук үчүн бул мыйзам маанилүүдүр, бирок, бул орус тилин өнүктүрүүгө кыйыр түрдө болсо да таасирин тийгизери бышык. Же болбосо, Кыргызстанда япон, кытай, түрк жана башка тилдерди өнүктүрүү боюнча борборлор ачылып, жогорку окуу жайларда ишмердүүлүк жүргүзгөнүнө көп болду. Ошол эле учурда орус тилин өнүктүрүүгө багытталган максаттуу курстар жок экенинен – Кыргызстанда мектептерде орус тилинде окуткан предметтик мугалимдер жылдан-жылга азайып баратканы факт.

Эми фамилияны өзгөртүү маселесине келели. Шакиевдин “-ов”дон баш тартуусу жаңылык эмес экенин баса белгилегим келет. Маселен, Тажикстандын Президенти аты-жөнүн өзгөртүп, Эмомали Рахмонов эмес, Эмомали Рахмон деп аталууну чечкенин билебиз. Муну Президент,  “ата-бабаларымдын салты боюнча атам Рахмондун ысымын алгым келет” деп түшүндүргөн. Ушуга улай, бир окуя эске түшөт. Бир индус чет өлкөлүк уюмдун линиясы боюнча Кыргызстанда иштеп жүргөнүнө беш жыл болуптур. Тажикстанда бар болгону бир эле жыл иштептир. Сүйлөшө келсек, өз тилинен башка англис, орус, тажик тилин билет экен. “Эмне үчүн тажик тилин үйрөнүп алдың? Кыргыз тилин билбейт экенсиң го?” десем, “Тажик тилин билбесең ал жакта ачка каласың, а Кыргызстанда баары орус тилинде сүйлөшөт экен, кыргыз тилин үйрөнүүнүн кажети жок да” деп атпайбы. Мына окурман, балким, Парламентте көтөрүлүп жаткан тилди өнүктүрүү боюнча маселе – чынында эле учурда өтө актуалдуу. Өзүбүздөн баштабайлыбы…

Шекербек Калыков

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!