"Эркин-Тоо"

ШАЛААКЫ АТКАМИНЕРЛЕРГЕ ЧЕЧКИНДҮҮ ЧАРАЛАР КӨРҮЛҮШҮ КЕРЕК

Кечээ Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышкан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров: «Мен бир жыл мурун өлкөнүн бардык мал базарларында тартипти орнотуу зарылдыгы тууралуу тапшырма бергем. Көпчүлүк базарларда жагдай жакшы жагына өзгөрдү. Базарлардын администрациясы сатуучуларга жана сатып алуучуларга зарыл шарттарды түзүп берген. Ал эми Сокулук районунун аймагында жайгашкан мал базардын абалы өтө начар бойдон калууда. Жакынкы күндөрү базарды иретке келтирүү керек. Болбосо, азыркы кырдаалга көз жумган базар ээлерине да, жергиликтүү аткаминерлерге карата дагы чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек» деди. Андан соң 8 га аянтта куруулуучу жаңы заманбап мал базардын курулуш долбоорун көрдү. Акылбек Жапаров белгилегендей, курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталат. Ошондой эле мамлекеттикжеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорду ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу маселесин иликтеп чыгуу зарыл. Бул мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнүн иштиктүү жана натыйжалуу механизми.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!