«Росатом» 2026-жылы Кыргызстанда кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясынын курулушун баштоону пландап жатат. Бул тууралуу «Росатомдун кайра жаралуучу энергия» компаниясынын башкы директору Григорий Назаров Дагестанга болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдирди.
Назаров: «Биз ноябрда бул станциянын туташтыруу шарттарын алдык. Бул бизге объект боюнча деталдуу долбоорлоо иштерин баштоого мүмкүндүк берет. Азыркы тапта жалпы отурукташуу, аянтча жана туташтыруунун схемасы аныкталды. Биз конкреттүү параметрлерди алдык жана объект боюнча деталдуу долбоорлоо иштерин баштап жатабыз. Курулуш техникасынын аянтчага чыгышын карай турган болсок, бул 2026-жылы болот, ал эми бүтө турган айын айтууга али эрте”, – деди.
Эске салсак, 2024-жылдын аягында «Росатом» Ысык-Көл облусунда 100 МВт кубаттуулуктагы шамал электр станциясын куруу жана иштетүү боюнча инвестициялык келишимге кол койгон. Долбоор боюнча өндүрүлгөн энергияны сатуу да каралган. Учурда компания объектти долбоорлоо иштерин жүргүзүүдө.

